Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«2о18-жылдын Мыкты профсоюздук уюму» - Гран Приси Ноокендиктерде

Билим  берүү  жана  илим   кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитети   2018 – жылдын  жыйнтыктарын  чыгарып, “2018 - жылдын  мыкты профсоюздук  уюму”  кароосунун Гран  При сыйлыгына  Жалал-Абад  облусунун  Ноокен  районундагы  №30  Байзак  Дамашев   атындагы орто  мектебинин  профсоюздук  уюму  (профкомдун төрайымы  Аманбекова  Жумагул Абдирасуловна, мектептин директору  Бакиров Медербек  Сайдимаматович)  татыктуу  болду.

Кароонун  жыйнтыктары  боюнча  Базар-Коргон районундагы  №7 М.Мамбеталиев  атындагы  орто  мектептин профсоюздук   уюму (профкомдун  төрайымы  Кадыралиева  Тумар  Шамшиевна,  мектептин  директору  Таирова  Карамат  Турдалиевна)  номинациянын   ээси, Ноокен  районундагы  №3  “Мээрим”  мектепке  чейинки   мекемесинин  профсоюздук  уюму (профкомдун   төрайымы Момуналианва  Назгул  Шакировна, бакчанын  директору   Кушбакова  Чынаргул  Эсекалиевна) кароонун  лауреаты,  ЖаМУунун профсоюздук   уюму (төрагасы  Болотбков Кубанычбек  Маданович)  номинациянын ээсы болушту.

2018-жылдагы  жетишкен  ийгиликиери  үчун   Ноокен   райкомунун  төрагасы  Нышанов  Кубанычбек  Калдарович Бобордук  Комитеттин  “Жылдын  Мырзасы”  ардакдуу  наамы  менен  сыйланды.

2018-жылдын  28-декабрында Ноокен  районунун №8  Т.Орозматов  атындагы  орто  мектебинде өткөрүлгөн  баштапкы  профсоюздук  уюмдардын семинарында  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  төрагасы  А.А.Исмаилов  Ноокендиктерге  кутуктоо  жана  жаңы  жылдык   каалоолорун  билдирип, сыйлыктарды ээлерине  тапшырды.

Ноокендиктер  чыгып  сүйлөшүп, Борбордук  Комитетке, облустук  комитетке  эмгектерин жогорку  баалагандыктары  үчүн  ыраазычылыктарын  билдиришип, жаңы  жылда Кыргызстан  профсоюздарынын  ишине   ийгиликтерди  каалашты.

 

 

Материалды  даярдаган:  Обкомдун   инспектору   А.Айдаров.