Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жылды тосуу аземи Токтогул районунда өзгөчө шаң менен өттү

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Бримкулов  атындагы мектеп иновациялык гимназиясында өзгөчө шаң менен башталды президентибиздин аймактарды  өнүктүрүү жылына карата мыкты окуган окуучулар үчүн Токтогул районунун акими М.Сатымкулов жаңы жылдык майрам уюштуруп берди.

Жаңы жылды тосуу аземи окуучулардын шаңдуу маанай тартулоо менен бий аткарып беришти. Жана ошондой эле жаңы жылдык ырлары менен куттукташты.

Токтогул районунун акими М.Сатымкулов, Жаңы-Жол айыл өкмөтү Э.Тойгонбаев, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова, профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов окуучуларды, мугалимдерди келе жаткан жаңы жылы менен куттукташып келе жаткакан жаңы жылда жаңы ийгиликтерди жана ошондой эле мындан дагы жакшы окуп келечекте мамлекетибизге чоң салымдарды кошкула деп жакшы тилектерин айтып өтүштү.

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелерден эң жакшы окуган мыкты деп жана жакшы жүргөн балдары тандалып 105 окуучу чакырылып алынып келген. Келген окуучуларды кур кетирбестен ар бир окуучуларга белектер тапшырылды. Окуучуларды жакшы тарбиялагандыгы учун окуткан мугалимдерине профсоюз мүчөлөрүнө профсоюз комитети тарабынан белектер тапшырылды.

 

 

Материалды даярдаган Исраилов Токтомуш