Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук олимпиада

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүндө  2018-2019-окуу жылында  мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын  2 райондук  этабынын жүрүшү болуп өттү.

2018-жылдын  8-15- декабрь күндөрү 10 предмет боюнча жалпы 1500 окуучу (9-10-11 - класстардын окуучулары) катышты.

Олимпиадага  Базар-Коргон райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин  төрагасы С.Жаркымбаев , райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Б.Айдарова  жана  предметтик мугалимдер катышышты. Олимпиада негизинен 5 мектепте өткөрүлдү. №1 Макаренко а.г.м, №2 А.Нишанбаев а.о.м., №3 З.Бабур а.г.м, №4 А.Навоии а.о.м. , №30 Ө.Атабекова а.и.г.мектебинде  жогорку уюшкандыкта  олимпиада өткөрүлдү.

25-декабрь күнү  олимпиадага катышкан окуучулардын  жыйынтыгы чыгарылды. Олимпиаданын райондук турунда 1 жана 2 орунга  36 окуучу женуучу болуп табылды.Областтык олимпиадалык турга  даярдык журуп жатат.

 

 

Материалды даярдаган Тынычбек Усенов