Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАН-ДҮЙНӨГӨ БИЛИМДИН ШАМЫН ЖАККАН МУГАЛИМ!

Балдар чыгармачлык үйүндө  математика ийримин жетектеген мугалим Асанбекова Анаркан эжеке  ар тараптуу өнүккөн инсан. Улгайып калганына карабай жаматтагы, шаардагы коомдук иштерге активдүү катышууга аракеттенет. Эки жылдан бери шаарда “Ак тилек” шайыр апалар тобун жетектейт. Шаарда майрам күндөрдө, башка дагы уюштурулган салтанаттуу иш чараларда дайыма эл алдында обон созо ыр-бийлерин тартуулашып элге жагышат. Тутумунда медик, мугалим, тигүүчү, ишкер, тарбиячы, ашпозчу, үй кызматындагы  50-70 жаштагы 11 аялдан турган  шайыр апалар өз репертуарларынын мазмундуулугу менен бааланып,  Кыргызстандын бир топ аймактарында да  өнөрлөрүн көргөзүштү.

Аз эле убакыттын ичинде костингден өтүшүп карылар күнүндө 7 облустун шайыр апалары менен бирге  чоң программадагы концерт беришти. “Эл арасы—өнөр казынасы” деген республикалык сынакта 2-орунду алышса, быйыл май айында Жалал-Абад областтык  “Энелер элге ыр сунат” фестивалына барышып акчалай сыйлык утуп алышты. “Супара” этномаданий борбордо, 20-Май—Энелер күнүнө карата  ЭЛТРдин “Чак түш” программасында болушуп  хор менен жана  жеке номерлерди аткарышып,  өздөрү жазган ырларды көркөм окушуп элдин купулуна толду.

Бизде азыр 5 түрдүү улуттук кийимдерибиз бар. Ар бирин өткөрүлүп жаткан тематикалык программаларга ылайыктап   өз каражаттарыбыздын эсебинен  даярдап кийип чыгуудабыз. Алдыда дагы жакшы максаттарыбыз бар. –дейт Анаркан эжеке.   Буйруса ноябрда КТРКдан келип бизди тартып кетишет. Биз анда улутубуздун байыртан берки этностук өзгөчөлүктөрүн чагылдырабыз. Улуттук өнөрүбүздү, тамак-аш, кийим, турмуш-тиричилик  буюмдарыбызды  көрсөтөбүз. Дагы жаңы формаларды, мыкты кол өнөрчүлүк буюмдарды таап даярдоого кириштик.   Башкалардын бизге көбүрөөк  көңүл буруп жатышы биздин репертуарыбыздын бир топ мазмундуу экенинен деп ойлойм. Көп эле ММК көңүл буруп жатышат. Жакында Бишкекте да филармонияда өнөрүбүздү элге тартуулайбыз.

А. Асанбекова.