Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биздин өнөктөштөр

2018-жылдын  декабрь айында  10 предмет боюнча жалпы 1500 окуучу олимпиадага  ( 9-10-11 - класстардын окуучулары) катышты.

Олимпиадага  Базар-Коргон райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин  төрагасы С.Жаркымбаев , райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Б.Айдарова  жана  предметтик мугалимдер катышышты. Олимпиада негизинен 5 мектепте өткөрүлдү.  №1 Макаренко а.г.м, №2 А.Нишанбаев а.о.м.,  №3 З.Бабур а.г.м,  №4 А.Навоии а.о.м. ,  №30 Ө.Атабекова а.и.г.мектебинде  жогорку уюшкандыкта  олимпиада өткөрүлдү.

Ар бир мектепке  3  ИДНдин кызматкерлери  тартылып окуучулардын коопсуздугун  көзөмөлдөп турушту.

А.С.Макаренко  атындагы №1 гимназия мектебинде   ИДН кызматкери  Ташова  Зухра  олимпиадага келген окуучулардын  коопсуздугун көзөмөлдөп турду.

 

 

Материалды даярдаган Тынычбек Усенов