Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү жыл жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээледи

2019-жылдын 26-январь күнү Жалал-Абад областынын Ноокен районунда бир жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отчёттук жыйналыш болуп өттү.  Жыйналышка КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Акматов, аппарат жетекчиси И.Масабиров, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун башчысы А.Токтосунов, Ноокен райондук администрациясынын башчысы-аким Э.Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев,  профсоюздун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, мекеме- иш каналардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңештеринин төрагалары катышышты.

Жыйында Ноокен райондук администрациясынын башчысы-аким Э.Маматаев Ноокен районунда 2018-жыл ичинде аткарылган ийгиликтүү иштер, мыкты эмгектенген мекемелер жана 2019-жылга коюлган милдеттер боюнча кеңири токтолуп өттү.
2018-жылы эң мыкты эмгектенип, ийгиликтерди жаратып, райондун өнүгүшүнө зор салымын кошкондугу үчүн Ноокен райондук билим берүү мекемесинин жетекчиси Б.Козуев «Өтмө Кызыл Туу», жогорку даражалуу диплом жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды.

 

 

 
Материалды даярдаган:

№35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин

директору У. Уметов