Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биринчи байлык ден соолук

Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлерине Жалал-Абад облустук профсоюз комитети тарабынан кыш мезгилине карата Жалал-Абад шаарындагы суусу дартка даба, өзүнүн касиети менен таанылган курорттук – санаториясына путевка бөлүнүп берилип 2 мугалим, 1 бала бакчанын директору 1 чарба башчылары барып ден соолуктарын чыңдап келишти.

Кыш мезгилине туура келсе дагы курорттун кыматкерлеринин эс алуучуларга кылган мамилеси, жатаканалардын жана дарылануу үчүн жайлардын шарттары мыкты деңгээлде болгондугуна ыраазычылыктарын айтышты. Ошондой эле  билим берүү кызматкерлеринин ден соолугуна  кам көрүлүп, профсоюз уюму тарабынан көңүл жылытарлык иштер аткарылып жаткандыгына жылуу пикирлерин айтышып, профсоюз уюмуна ыраазычылык билдиришти.

 

Материалды  даярдаган: 

Таш-Көмүр  шааркомунун  төрайымы

Э.Эгизалиева