Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жылда жаңы ачылыштар

Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл аймагында жайгашкан  №18 Молдалиев атындагы орто мектебинде жаңы заманбап спорттук зал курулуп, пайдаланууга берилди. Спорттук залдын курулушуна райондук өнүктүрүү  фондунан 9 000 000 сом, Бүргөндү айыл өкмөтүнөн 500 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.  Ачылыш аземге КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Э.Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Билим жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Сатыкулов, райондогу мекеме-иш каналардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, аксакалдар, жаштар кеңешинин өкүлдөрү жана айыл тургундары катышышты.

Күндүн экинчи жарымында Бүргөндү айыл аймагында жайгашкан № 47 Ташиев атындагы орто мектебинин кошумча жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.  Имараттын курулушуна Стимгранттан 2 939 900 сом, Бүргөндү айыл өкмөтүнөн 477 400 сом, демөөрчүлөрдүн жана элдин салымы 132 000 сомду түздү.

 

Материалды даярдаган:  

 Ноокен райКБКнын инспектору

Т. Бакиров