Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим-коомдун туткасы,билимдин башаты,тамыры,максаттардын үндөөчүсү

Мугалим…кандай гана ардактуу сөз.Мугалим кылымдарды карытып келе жаткан кесип экени талашсыз.Өнүккөн технологиянын заманынан артта калбай,адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн себип келе жаткан мугалимдерге сөздөрдүн берметин арнасак дагы алкыштардын-алкышын айтсак аздык кылаар.Ирсалиева Алимахан Коконова-баштапкы профсоюз уюмунун башчысы,тарых мугалими.

1963.30.05да Шамалды-Сай шаарчасында төрөлгөн, 1981-жылы №2 Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы мектепти аяктаган, 1982-жылы. Майли-Суу шаарчасы. Техникалык окуу жайды бүтөрүп Майли-Суу электр лампалар заводунда эмгектенген. 1987-жылы Свердловск шаарындагы маданий агартуу кесиптик окуу жайынын «китепкана» бөлүмүнө кирип китепканачы адистигине ээ болгон, аны сырттан аяктап, 1987 жылдан №108 кесиптик лицейде китепканачы болуп иштеген, 1998- жылдан №2 мектепте китепканачы, 2005 – жылдан  тарых сабагынан мугалимин айкалаштырып иштей баштаган. 2008-жыдан толук тарых сабагынын мугалимин айкалыштырып иштей баштаган, 2006-жылы ЖАМУнун «кадырларды кайра даярдоо квалификациясын жогорулатуу факультетинин «Тарых» адистигине тапшырып аны 2010-жылы аяктаган. Мектеп китепканасында иштеп жүргөндө ЮСАИД фонду менен иштеп, проект жазып 120миң сомдук китеп алган. Тарых сабагынын мугалими болуп иштей баштаган мезгилдеп көп жетишип өзүнүн ишмердүүлүгүн көрсөткөн. Бир нече жолу шаардык, 2013-жылы областык «Манас таануу» семинарында «Манас-бул улуу мурас» сабагын, 2016-жылы окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын облаттык семинарында ачык сабак берген. Бул эмгектери үчүн Шамалды-Сай шаарчасынын айылдык башкармалыгынын бир нече Таш-Көмүр ШБББнун, мериянын, шаардык кеңештин, 2015-жылы «Билим берүү жана илим министрлигинин» 2016-ж. областык усулдук борборунун, 2016-жылы областык профсоюзунун, 2012-жылы «Ата мекен» партиясынын лидери Текебаев Ө.Ч. Ардак грамоталары менен сыйланган.2018-жылы «КРнын билим берүү мыктысы» төш белгисинин ээси. 2012-жылы Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын депутаты. Шаардык, областтык предметтик олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча.

  • 2012- жылы шаардык олимпиадада 2 окуучу 2,3 ээлешкен.
  • 2014-жылы шаардык. Олимпиад. 2 окуучу 2- орунду алышкан.
  • 2015- жылы 11-кл. окуучусу Тургунбаева Эркеайым 2- орун, 10-кл. окуучусу Токтоназарова Айжарык 1- орун, областа 3- орун ээледи.
  • 2016-жылы 10- класстын окуучусу Орунбекова Айчүрөк 3- орун, 11-класстын окуучусу Токтоназарова Айжарык 1-орун, областа 3- орунду ээледи.
  • 2017-жылы Шаардыктан 9-класстын окуучусу Орунбекова Диана 1- орун, 10-кл. Коконова Баян 2- орун алды.
  • 2018-жылы Шаардык олимпиадага 4 окуучу катышып, 9-класстын окуучулары Согушбекова Аймира 1-орун, Талантбек кызы Жазира 2-орун,10-кл. Казыбеков Арсен 2- орун,11-кл. Коконова Баян 2- орунду ээлеп, облласттык олимпиадага жолдомо алды.

№2Кенжалы Осмонкулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин 53 жылдык тарыхы бар. Бул мектеп 40 жылга жакын Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы мектеп болгон. Кенжалы Осмонкулов 15 жылдан ашык завуч, 12 жылдан ашык директор болуп иштеген анын көзү өткөндөн кийин 2005- жылдан баштап ысымы мектепке берилди. 2006-ж. баштап Кушбакова Инаят Аскаровна жетектеп келди, анын жетекчилигинде көптөгөн ийгиликтер болду. Анын ичинде 2009-ж. Республика боюнча 3-орунду, бир нече жолу областтык, шаардык деңгээлде 1-2- орундарга ээ болгон. ЖРТ, Улуттук тест жүргүзүү борборунун тесттеринде мектеп окуучулары өздөрүнүн ийгиликтерин көрсөтө алышкан. Шаардык, областтык предметтик олимпиадаларда да байгелүү оорундарды ээлешкен.

2017- жылдын декабрынан баштап мектепти «Билим берүү мыктысы» Бекбаева Шадманай Камилжановна жетектеп келе жатат. Мектеп 600 орунгпа эсептелген, азыркы учурда мектепте 1063 окуучу окуп жатат. 2016-жылдын декабрында башталгыч класстардан өзүнчө мектеби ачылды, ал жерге ашкана, даарат кана курулду.

Ушундай ийгиликтерди жараткан мектеп жамааты жана аларды ар тараптан колдогон,мектептин профсоюз уюмун жетектеп келе жаткан Ирсалиева Алимахан Коконовнага Таш-Көмүр шаардык билим беруүү жана илим кызматкерлеринин профсоздук комитетинин атынан терең ыраазычылык билдирип,чын ден соолук,иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

 

 

Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоздук комитетинин төрайымы   

 Э.Ж.Эгизалиева