Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Онлайн олимпиада

Жалал-Абад шаарында биринчи жолу окуучулар онлайн түрүндө тест тапшырышты. Алар предметтик сабактардан шаардык деңгээлдеги олимпиадага катышып, жеңүүчүлөрү сыйланышты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Атымышев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, шааркомдун төрагасы К.Акуновдор катышып, аларга дипломдор тапшырылды жана окуучулар тарабынан концерттик программалар тартууланды. Эми алдыңкы деп табылган окуучулар областтык жана республикалык олимпиадаларга даярдык көрүшөт.

 

Маалыматты даярдаган:

Жалал-Абад шааркомунун адиси

Максат Мамасыдыков