Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Милициянын жаш досу» кароо сынагы

Акыркы убакытта жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кылмыштардын саны өсүп барат. Андыктан жыл башынан тарта Жалал-Абад шаарындагы тийиштүү органдар жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү өспүрүмдөр менен иштөөнү дагы күчөтүп, тийиштүү иш-чараларды колго алышууда. 

Ошондой иш-чаралардын алкагында №5 Бекмамат Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында “Милициянын жаш досу” аталышындагы кароо-сынак уюштурулуп, ага жалпы 19 мектептин окуучуларынан түзүлгөн командалар катышты. Сынактын шарттарына ылайык, окуучулар жол эрежелерин сактоону, ар кандай кылмыштардын алдын алуудагы аракеттерди канчалык билишерин көрсөтүштү. Сынактын жыйынтыгы менен калыстар тобу баш байгени №17-мектептин окуучуларына ыйгарып, алар конкурстун областтык туруна жолдомо алышты.

Эскерте кетсек мындай иш чара 2018-жылдын февраль айында Жалал-Абад шааркому тарабынан Ж.Бакиева атындагы мектептин базасында “Балдардын коопсуздугун сактайлы!” аттуу облустук тегерек стол өткөрүлгөн.

Анда Жалал-Абад шаарындагы мекеме уюмдар жана балдарды коргоо инспекторлору, ички иштер башкармалыгы, прокуратура жана билим берүү бөлүмүнүн адистери катышкан.

 

Маалыматты даярдаган:

Жалал-Абад шааркомунун адиси

Максат Мамасыдыков