Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы чыгарылды

Билим берүү,  илим   кызматкерлеринин  Ош областтык  кесиптик   бирлик комитетинин  кезектеги  Пленуму  2019-жылдын 18-январында өткөрүлдү. Пленумда  иш планда  көрсөтүлгөн  тийиштүү маселелер  каралып,  өткөн жылдын  жыйынтыгы  чыгарылып «Жылдын мыкты  кесиптик бирлик комитети» номинациясы боюнча Өзгөн  РПК, окуу жайлар арасында  ОшМУнун  бириккен  кесиптик  бирлик комитети  жеӊүүчү  болуп  табылышты. 

ОПКнын  төрагасы  С.Тойгонбаев  жетишилген ийгиликтер менен  катар, кетирилген кемчилдиктерге  да токтолуп,  алдыдагы  жылда аткарала турган иштерди,  максаттарды  белгиледи.  Пленум тийиштүү  токтомдорду  кабыл  алды.

Пленумдун экинчи  бөлүгүндө профсоюз активисттери, өнөктөштүктөрдүн  өкүлдөрү  БПК, ОПКнын  сыйлыктары  жана  баалуу  белектери  менен  сыйланышты.

 

 

Материалды даярдаган:

Тойгонов Сабыр