Ош облусунда «Жылдын мыкты мугалими 2014» кароо сынагынын облустук этабы болуп өттү
Жылдагыдан айырмаланып быйылкы «Жылдын мыкты мугалими – 2014» кароо сынагына Мугалимдердин облустук профсоюз комитети 1- орунду алган мугалимге 2 адамга 12 күндүк жолдомо, 2- орунду алган мугалимге муздаткыч, 3- орунду алган мугалим кир жуучу машина белекке берилсе, ал эми калган катышуучуларга дагы өзгөчө баалуу белектер берилди. Биз мугалимдер менен биргебиз, аларды ар тараптан колдоону ар дайым колго алып келебиз. Биз мындан ары да сиздер мененбиз урматтуу мугалимдер - деди мугалимдердин областтык профсоюз комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев
28.04.2014 1410 Кесиптик бирлик региондордоОшМУ окутуучу-кызматкерлердин ден соолугуна кам көрөт
Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында окутуучу-кызматкерлер үчүн “Ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү” борбору ачылды.
28.04.2014 1351 Кесиптик бирлик региондордо«Жылдын мыкты мугалими -2014», «Жылдын мыкты тарбиячысы-2014» Чүй райондук конкурсу.
Чүй райондук билим берүү бөлүмү менен райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети «2014-жылдын мыкты педагогу» конкурсун уюштурду. Райондук конкурска 28 мектептен 7 мугалим, 5 бала бакчадан 4 тарбиячы катышууга арыз беришкен. Бардыгы 11 конкурсант катышышты. 1-турда предметтик сабактар жана предметтик класстан тышкаркы иштер боюнча сабактар көрсүтүлүп, 2-турда предметтик тестирлөө, 3-тур жыйынтыктоочу тур болуп өттү.
28.04.2014 1844 Кесиптик бирлик региондордоЗАЯВЛЕНИЕ ВСЕОБЩЕЙ КОНФЕДЕРАЦИИ ПРОФСОЮЗОВ В СВЯЗИ С ВСЕМИРНЫМ ДНЕМ ОХРАНЫ ТРУДА 28 АПРЕЛЯ 2014 ГОДА
Проводимый по инициативе Международной организации труда (МОТ) Всемирный день охраны труда в 2014 году проходит в год 95-летия со дня образования МОТ. Его главные цели остаются неизменными – усилить внимание к масштабным проблемам в сфере охраны труда, к необходимости внедрения передовых технологий в этой сфере, стимулировать активные действия по сокращению заболеваемости, связанной с производством, уменьшению травматизма и несчастных случаев со смертельным исходом.
28.04.2014 1560 Маалыматтык бюллетеньБала бакчалардын профсоюз уюмдарынын төрайымдарына усулдук жардам
2014-жылдын 10-апрель күнү Жоош айылдык округуна караштуу «Мөлтүр Тамчы» балдар бакчасынын базасында өткөрүлгөн профсоюз уюмдарынын төрайымдарынын катышуусунда семинар окуу болду. Азыркы учурда бала бакчасында 4 тайпада 120 бала тарбияланууда. Семинар- окууга райондогу 42 балдар бакчасынын профсоюз уюмдарынын төрайымдары толугу менен катышышты.
22.04.2014 1480 Кесиптик бирлик региондордо"2014-жыл мамлекеттүүлүктү бекемдөө" жылына карата билим берүү кызматкерлеринин өздүк көркөм чыгармачылыгы
Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу «2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө» жылына карата билим берүү кызматкерлеринин өздүк көркөм чыгармачылыгын уюштурду. Маданий массалык иш чарага Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Алыбаев Т.А., Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим уулу Мирбек, Чүй райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Сооронбаева А.С., Чуй райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кибираева А.С. катышышты.
17.04.2014 1226 Кесиптик бирлик региондордоБорбордук комитеттин кызматкерлеринин Ат-Башы жана Жумгал районуна болгон иш сапары.
Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин иш планы боюнча профсоюздун Ат–Башы жана Жумгал райондук комитеттеринин билим берүү мекемелиринде социалдык өнөктөштүктү жолго коюу аркылуу кызматкерлердин социалдык-экономикалык проблемаларынын чечилишине,эмгек мыйзамдуулуктарынын жана эмгекти коргоодо коомдук көзөмөл уюштуруу иштерин текшерип жана семинар өткөрүү максатында 31- марттан 5- апрелге чейин Борбордук комитетинин аппарат жетекчи А.А.Сагындыкова, Эмгекти коргоо жана социалдык маселелер боюнча башчы адис К.Н Ниязбеков командировкада болушту.
17.04.2014 1311 Маалыматтык бюллетеньОш Мамлекеттик Социалдык Университетинин 20 жылдык маарекесинин алкагында «Кош жылдыз» кароо сынагы
2014 жылдын 11-апрель күнү Ош улуттук драма театрында Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин 20 жылдык маарекесинин алкагында «Кош жылдыз» кароо сынагы болуп өттү. Сынакка жалпысынан 10 жуп катышты. Алар ОшМСУнун кызматкерлери жана кыргыз элине таанымал ырчылар, маданият кызматкерлери. Конкурсанттар алгач элдик ырларды, андан соӊ эркин форматта, акырында мекен тууралуу ырларды ырдашты.
16.04.2014 1551 Кесиптик бирлик региондордоНоокен районунда өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими 2014» конкурстун жыйынтыгы.
2014-жылда райондогу 55 мектептен 1-турунда 55 мугалим катышып, 2- турга 16 мугалим катышуу укугун алышты. Кароо-сынактын 2-туру 28-30-март күндөрү болуп, анда калыстар тобу мугалимдердин кабинеттери жана иш кагаздары боюнча текшерип, жыйынтыгында аз балл алган 4 мугалим 2-турда калып, 12 мугалим 3-турга өттү.
16.04.2014 1769 Кесиптик бирлик региондордоОкуучулардын областтык спартакиадасы
2014-жылдын 10-13-апрелине чейин Кочкор-Ата шаарында окуучулардын Жалал-Абад областтык Спартакиадасы жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлдү. Спартакиадага Ноокен, Токтогул, Сузак, Чаткал, Тогуз-Торо райондорунан жана Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак шаарынан башка командалар толугу менен катышышты. Бардыгы болуп 9 команда спорттун 3 түрү боюнча: футбол, баскетбол, жеңил атлетика боюнча күч сынашышты.
16.04.2014 1242 Кесиптик бирлик региондордо«2014-жылдын мугалими» сынагы.
«Жылдын мугалими» сынагына райондогу жалпы аймактардагы мектептерден 16 мугалим райондук сынакка катышып, алардын интеллектуалдык деңгээлин, саясий кругозорун, мугалимдин окуткан сабагы, иш кагаздары, компьютердик сабаттуулугу жана тарбиялык багыттагы темаларда өткөн сабагы боюнча «Мастер класс» аркылуу педагогикалык чеберчилиги жана мугалимдин өзүнүн таланты каралып, “2014-жылдын чыгаан мугалими” аныкталды.
16.04.2014 1437 Кесиптик бирлик региондордо