Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты мугалими -2014», «Жылдын мыкты тарбиячысы-2014» Чүй райондук конкурсу.

 

Чүй райондук билим берүү бөлүмү менен райондук билим берүү кызматкерлеринин  профсоюз комитети «2014-жылдын мыкты педагогу» конкурсун уюштурду. Райондук  конкурска 28 мектептен 7 мугалим, 5 бала бакчадан 4 тарбиячы катышууга арыз беришкен. Бардыгы 11 конкурсант катышышты. 1-турда  предметтик сабактар жана предметтик класстан тышкаркы иштер боюнча сабактар көрсүтүлүп, 2-турда предметтик тестирлөө, 3-тур жыйынтыктоочу тур болуп өттү.

Конкурска райондук мамлекеттик администрация өкүлү, жергиликтүү басма сөздөн, ата энелер комиттетеринен келип катышышты.

Быйылкы жылдагы өзгөчөлүк конкурска калыстар тобуна пенсиядагы  ардагер мугалимдерди тартуу менен иш жүргүзүлдү. Тактап айтканда  үйдө эс алып олтурушкан улуу муундагы эжейлер конкурска катышышып өз ойлорун, опыттарын, мезгилиндеги чыгармачыл иштерин белгилеп кетишти. Ошондой эле эски муундарды эстеп алар менен биргеликте иш жүргүзүп аларды билим берүү жаатына чакырып тургандыктары үчүн тереӊ ыраазычылык билдирип өтүштү.

Райондук профсоюз комитети мугалимдерге шарт түзүп берүү багытында музыкалык аппарат менен камсыздоого, канцелярдык буюмдар менен камсыздоого, аудио-видео аппаратура менен камсыздоого жардам көрсөттү. 

Чүй райондук билим берүү бөлүмү катышкан конкурсанттарды баалуу белектер менен сыйлады. 

Конкурстун катышуучулары  бардыгы жогорку педагогикалык билимдүү адамдар, айырмачылык эмгек стажылары болуп саналат. Жыйынтыгында төмөндөгүдөй номинациялар берилди.

 

 -  Чүй айылындагы №2 С.Ибраимов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асангожоева Бурул  Кыдыргановна   «2014-жылдын мыкты мугалими» кароо сынагында  1 орунга жетишкендиги үчүн   «2014-жылдын мыкты мугалими» номинациясы ыйгарылды. 

 

- Чүй айылындагы №2 «Бакыт»  бала бакчасынын тарбиячысы  Туншанло Фарида Ахметовна  райондук «2014-жылдын мыкты тарбиячысы» кароо сынагында  1 орунга жетишкендиги үчүн«2014-жылдын мыкты тарбиячысы» номинациясы ыйгарылды.   

 

 - Ленинжол  айылындагы Ы.Борончиев атындагы  орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты  мугалими  Шейшенова Алчагул Шаршенбаевнага  «Иштерман  мугалим» номинациясы ыйгарылды.  

 - Кегети айылындагы О.Исаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана  адабияты мугалими Эстебесова Айнагүл Сайнидиновна  «Позитивдуу мугалим» номинациясы ыйгарылды.

 - Чоӊжар  айылындагы толук эмес  орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими  Алымкулова Надира Шейшекеевнага  «Сүйүктүү мугалим» номинациясы ыйгарылды.  

 

 - Кошкоргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими  Усупова айгул Солтобековнага  «Мээрман  мугалим» номинациясы ыйгарылды.  

 - Чапаева  айылындагы  А.Жаманбаев  атындагы толук эмес орто  мектебинин  кыргыз тили жана адабияты  Жумалиева Жанаркул Мусабековнага   «Эмгекчил мугалим» номинациясы ыйгарылды.  

 - Акбешим айылындагы Ж.Баласагын атындагы орто мектебинин тарых  мугалими   Курманова Гулзат Абдыбачаевнага  «Аракетчил  мугалим» номинациясы ыйгарылды.   

 - Чуй айылындагы №1 «Байчечекей»  бала бакчасынын тарбиячысы  Султаканова Кенжегул Ишеналиевнага  «Мээрман тарбиячы»  номинациясы ыйгарылды.    

 - Кегети айылындагы «Келечек»   бала бакчасынын тарбиячысы  Деркембаева Кымбат Темиркановнага   «Сүйүктүү тарбиячы»  номинациясы ыйгарылды.    

 - Дөӊ-Арык  айылындагы «Келечек»   бала бакчасынын тарбиячысы  Искендерова Нурила Даутовнага    «Эмгекчил тарбиячы»  номинациясы ыйгарылды.    

 

Конкурсту көрүүчүлөр жана келген коноктор жылдагыдан конкурс өзгөчө тартипте өткөрүлгөндүгүн белгилөө менен бирге ыраазычылк сөздөрүн айтып кетишти.