Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бала бакчалардын профсоюз уюмдарынын төрайымдарына усулдук жардам

 

     Кара-Суу районунда   2013-2014-окуу жылында бюджеттик  мектепке чейинки мекемелердин саны 42.  Аларда  эмгектенген 877 кызматкер иштейт.

        2014-жылдын 10-апрель күнү Жоош айылдык округуна караштуу «Мөлтүр Тамчы»  балдар бакчасынын базасында өткөрүлгөн  профсоюз уюмдарынын төрайымдарынын катышуусунда семинар окуу болду. Азыркы учурда бала бакчасында  4 тайпада 120 бала тарбияланууда. Семинар- окууга райондогу 42 балдар бакчасынын  профсоюз уюмдарынын төрайымдары толугу менен катышышты.

      Күн тартибине коюлган ачык сабактар жогорку деӊгээлде өтүлгөндүгү белгиленди. Айрыкча «Өрт коопсуздугунан сактануу», « Жолдо жүрүүнүн эрежелери» деген  темадагы  сабактар профсоюз уюмдарынын төрайымдарынын купулдарына толду. Мындан тышкары профсоюз уюмунун иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, профсоюз бурчун   түзүү жана эс алуу бөлмөлөрүн уюштуруу боюнча практикалык жардамдар берилди.

     Жоош айылдык округунун жардамы менен кароосуз калган бакчанын имараты, жылытуу системасы  капиталдык оӊдоодон өткөрүлгөн. Ошондой эле бала бакчада өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча өрт өчүрчү щити жасалып, керектүү болгон шаймандар менен камсыз кылынган.  Ошондой эле 3 тонналык суу сактагыч курулуп айланасы тосмо менен тосуп  берилген.

      Бүгүнкү күндө  бала бакчанын материалдык - техникалык базасы толугу менен талапка жооп берет.

     Ата-энелердин суроо талабы боюнча бакчага дагы кошумча тайпа ачуу зарылдыгы бар.