Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош облусунда «Жылдын мыкты мугалими 2014» кароо сынагынын облустук этабы болуп өттү

 

2014 - жылдын 24 -26  апрель күндөрү Ош шаарындагы Ош Гуманитардык Педагогикалык институтунда «Жылдын мыкты мугалими  2014» кароо сынагынын облустук этабы болуп өттү. Ага ар бир райондордон сынактын райондук турунда 1 жана 2 - орунду камсыз кылган 14 мугалим катышып алардын ичинен 8 мугалим финалдык турда ат cалышты. Сынак 2 тур менен өтүп, калыстар тобунун чечими менен Ноокат районундагы К. Жолдошов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Сатиева Аймира жеңүүчү деп табылып Республикалык турга жолдомо алды. Ал эми экинчи орунду Кара-Суу району, үчүнчү орунду Араван району алды.

Ош Билим берүү институтунун директору Абдыкерим Муратов катышуучуларды куттуктап жатып Жыл мугалими кароо сынагынын облустук турунун ар бир катышуучусу жеңүүчү болуп эсептелет, анткени облус боюнча 17 миңден ашуун мугалим болсо, алардын ичинен суурулуп чыгуунун өзү чоң сыймык деп белгилеп өттү.

Калыстардын чыгарган жыйынтыгы боюнча Ноокат районундагы К. Жолдошев атындагы орто мектебинин мугалими А.Сатиева l-орунга, 2-орунга Кара-Суу районундагы Кулбаев атындагы орто мектебинин мугалими А.Усенбаева,   3-орунга Араван районундагы Токтогул атындагы орто мектебинин мугалими Ы.Жолдошевалар татыктуу болушуп, областтык профсоюз комитетинин Дипломдору жана « Көгүлтүр Ыссык-Көл » санаториясына жолдомо, муздаткыч, кир жуучу машина, андан сырткары финалдык бөлүккө чыккан беш катышуучуга тамак бышыруучу үй буюмдары тапшырылды. Жылдагыдан айырмаланып быйылкы «Жылдын мыкты мугалими – 2014» кароо сынагына Мугалимдердин облустук профсоюз комитети 1- орунду алган мугалимге 2 адамга 12 күндүк жолдомо, 2- орунду алган мугалимге  муздаткыч, 3- орунду алган мугалим кир жуучу машина белекке берилсе, ал эми калган катышуучуларга дагы өзгөчө баалуу белектер берилди. Биз мугалимдер менен биргебиз, аларды ар тараптан колдоону ар дайым колго алып келебиз. Биз мындан ары да сиздер мененбиз урматтуу мугалимдер -  деди мугалимдердин областтык  профсоюз комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Зайнабидин Мамасадыков  Жыл мугалими конкурсунун облустук турунда жеңүүчү болуусуна Мугалимдердин райондук профсоюз комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаеванын ролу чоң деп билдирди. Райондо өткөн ар кандай иш-чараларда мугалимдерди колдоо маселесин Сонунбүбү Шанабаева Ар дайым биринчи орунга коюп келет деди Зайнабидин Мамасадыков.

Ошондой эле  Ош областык  мамлекеттик  адмиристрациясы ОшМУ, ОГПИ демөөрчүлүк кылышып быйылкы жылдагы ар бир катышуучуга өзгөчө  баалуу белектер тапшырылды.

 

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети.