Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"2014-жыл мамлекеттүүлүктү бекемдөө" жылына карата билим берүү кызматкерлеринин өздүк көркөм чыгармачылыгы

 

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу  «2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө»  жылына карата  билим берүү кызматкерлеринин өздүк көркөм чыгармачылыгын уюштурду. Маданий массалык иш чарага Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Алыбаев Т.А., Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим уулу Мирбек, Чүй райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Сооронбаева А.С., Чуй райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кибираева А.С. катышышты.  2014-жылдын 26 –мартында  Чүй райондук маданият билим берүү мекемелерин 2 топко бөлүү менен, башкача айтканда райондогу 10 айыл өкмөтүн 2ге  5 айыл өкмөттөн бириктирилип "Таланттуулардын таймашы" өткөрүлдү. 1-топ  Искра, Онбиржылга, Кошкоргон, Чүй, Шамшы айыл өкмөттөрүнүн билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринен «Каныкей», 2 - топ Кегети, Бурана, Акбешим, Сайлык, Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринен  «Ак Марал» тобун уюштурушту.  Ар бир командада 15-20 чейин киши катышышты.   Сахнада 2 команда мандай тескей отурушуп түзүлгөн программа менен өздүк көркөм чыгармачылыктарын тартуулашты. Берилген программанын негизинде  бири бирине алып баруучулар аркылуу  кезек берилип оюн улантылып олтурду. Оюндун жыйынтыгы ар бир номерди баалоо менен калыстар тобу   тарабынан  чыгарылды.  Жыйынтыгында 167 упай менен «Ак марал» тобу жеӊишке жетишишти. Бардык катышуучуларга ыраазычылык барактары, 4 адамга жайында Ысык-Колдо эс алууга жолдомо берилди. Чүй райондук билим берүү бөлүмү 2 командага кызыктыруучу байге катары 5000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарын беришти.

Программада төмөндөгүдөй номерлер аткарылды.

Саламдашуу

Саламдашуу (команда эркин формада)

Көркөм окуу (3-5 мин)

Обондуу ырлар (2 номер)

Макал лакап айтышуу (тарбиялык мааниде)

Ыр (1 номер)

Табышмактар (3 тон)

Аспап менен ырдоо

Жаӊылмач  (3-5)

Ыр (2 номер)

Күү айтыш

Ыр (1 номер)

Кыргыз бийи (1 номер)

 

Даярдаган: Наматов Саматбек