Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуучулардын областтык спартакиадасы

 

 

2014-жылдын 10-13-апрелине чейин Кочкор-Ата шаарында окуучулардын Жалал-Абад областтык Спартакиадасы жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлдү. Спартакиадага Ноокен, Токтогул, Сузак, Чаткал, Тогуз-Торо  райондорунан жана Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак шаарынан башка командалар толугу менен катышышты. Бардыгы болуп 9 команда спорттун 3 түрү боюнча: футбол, баскетбол, жеңил атлетика боюнча күч сынашышты. Спартакиада жогорку деңгээлде уюштурулуп, келген делегаттар ыраазычылыгын билдиришти. Ачылыш аземинде  Ноокен рай.администрация башчысынын орун басары К.Ч. Камбаралиев, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М. Эгембердиев, Ноокен райКБКнын төрагасы А.Ч. Айдаров, “Кыргызнефтегаз” ААКнун төрагасынын орун басары А.О. Анарбаевдер куттуктоо сөздөрүн айтышты.

         Жыйынтыгында командалар төмөнкүдөй орундарга ээ болушту.

 

                   Спорттун жеӊил атлетика түрү боюнча

Ноокен району            1-орун

Токтогул   району       2-орун

Жалал-Абад шаары    3-орун

 

Спорттун футбол түрү боюнча

Ноокен району            1-орун

Жалал-Абад шаары    2-орун

Сузак району               3-орун

 

Спорттун баскетбол түрү боюнча

Балдар                                                      кыздар

Майлуу-Суу шаары    1-орун                 Майлуу-Суу шаары    1-орун

Сузак району               2-орун                 Сузак району               2-орун

Таш-Към\р шаары       3-орун                 Жалал-Абад шаары    3-орун

Ноокен району            5-орун                 Ноокен району            5-орунга

Командалары ээ болушту, нааразычылык, жаракат алгандар болгон жок.

 

Кочкор-Ата шаарынын

спорт мектебинин директору:                          А. Усманов