Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунда өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими 2014» конкурстун жыйынтыгы.

 

             2014-жылда райондогу 55 мектептен 1-турунда 55 мугалим  катышып, 2- турга 16 мугалим катышуу укугун алышты. Кароо-сынактын 2-туру 28-30-март күндөрү болуп, анда калыстар тобу мугалимдердин  кабинеттери жана иш кагаздары боюнча текшерип, жыйынтыгында аз балл алган 4 мугалим 2-турда калып, 12 мугалим 3-турга өттү. Сынактын 3-туру  9-10-11 апрель күндөрү  өткөрүлүп, калыстар тарабынан 12 мугалимдин  ишмердиги  ордунда бааланды. Калыстар  тарабынан  жаны  технологиялар  менен өтүлгөн  сабактарга, ишмердигин  чагылдырган  видео  тасмаларга  жогорку  баалар  берилди.

             Жыйынтыктоочу   бөлүгүндө райондун  акими Осмонов Абдрахман Куватович, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев Садыкович жана Билим, илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Ноокен  райондук

комитетинин  төрагасы А.Ч. Айдаровдор куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, жеӊүүчүлөргө  сыйлыктарын  тапшырды.

"2014-жылдын  мыкты  мугалими"  наамына  татыктуу  болгон №4  А.Сатаров  атындагы  орто  мектебинин  география  мугалими  Парпиева Нургуль  облустук этабына  катышуу  укугун алуу  менен  Ысык-Көлдүн Бостери  айылында жайгашкан  "Шайдан" эс  алуу    жайында ден-соолугун  бекемдөө үчүн жолдомо менен сыйланды.

2-орунга Ж.Султанов атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Назарбаева Зарипа  ээ болуу менен бирге Талас областындагы «Манас ордо» комплексине  жолдомо алды.

3-орунду №23 Ж.Жунусалиев атындагы орто мектебинин мугалими Мавлянкулова Назгул ээ болуп, Токтогул районундагы «Чычкан» эс алуу жайына жолдомо алды. 

Даярдаган:   №1 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин информатика мугалими, “2013-жылдын мыкты мугалими” конкурсунун жеӊүүчүсү - Орунбаев Замирбек.