Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин 20 жылдык маарекесинин алкагында «Кош жылдыз» кароо сынагы

2014 жылдын 11-апрель күнү Ош улуттук драма театрында Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин 20 жылдык маарекесинин алкагында «Кош жылдыз» кароо сынагы болуп өттү. Сынакка жалпысынан 10 жуп катышты.

Алар ОшМСУнун кызматкерлери жана кыргыз элине таанымал ырчылар, маданият кызматкерлери. Конкурсанттар алгач элдик ырларды, андан соӊ эркин форматта, акырында мекен тууралуу ырларды ырдашты.

Сынакты кыргыз элинин таланттары Токон Эшпаев, Тазагүл Закирова, Садабай Шадманов, Раимжан Курбановдор калыс баалап беришти.

Бул иш-чарага Ош шаарынын вице-мэрлери И. Эргешов, К. Абдырахман уулу, облустук администрациядан өкүлдөр, Ош шаарындагы ЖОЖдун ректорлору ж.б. көптөгөн коноктор да келишти.

ОшМСУнун профсоюз комитети бул сынакты уюштурууга чоӊ көмөк көрсөтүп, 15 000 (он беш миӊ) сом акча каражатын бөлдү. Билим, илим кызматкерлеринин Ош облустук профсоюз комитетинин төрагасы С. А. Тойгонбаев да бул иш-чарага конок катары катышты жана баш байге алган Юридика-бажы факультетинин окутуучусу Кубатбек Кочкоровго «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясына жолдомо тапшырды.

Университет тарабынан баш байге үчүн 30 000 (отуз миӊ) сом, 1-орунга – 15 000 (он беш миӊ) сом, 2-орунга – 12 000 (он эки миӊ) сом, 3-орунга – 10 (он миӊ) сом, калган орундарга кызыктыруу сыйлык катары 8000 (сегиз миӊ) сомдон акча каражаты бөлүндү.

Мындан сырткары байгелүү орундар үчүн «Билайн» компаниясы акыркы үлгүдөгү 6 чөнтөк телефон берип, демөөрчүлүк кылды.

        Сынак ОшТВ, Башат, Ош-Пирим, ЭлТР, КТР телеканалдары аркылуу, шаардын тургундарына, бүт республикага көрсөтүлдү.