Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук комитеттин кызматкерлеринин Ат-Башы жана Жумгал районуна болгон иш сапары.

 

Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин  иш планы боюнча профсоюздун Ат–Башы жана Жумгал  райондук комитеттеринин билим берүү мекемелиринде социалдык өнөктөштүктү жолго коюу аркылуу кызматкерлердин социалдык-экономикалык проблемаларынын чечилишине,эмгек мыйзамдуулуктарынын жана  эмгекти  коргоодо   коомдук көзөмөл уюштуруу иштерин  текшерип  жана семинар өткөрүү максатында 31- марттан 5- апрелге чейин Борбордук комитетинин аппарат жетекчи А.А.Сагындыкова, Эмгекти коргоо жана социалдык маселелер боюнча башчы адис К.Н Ниязбеков  командировкада   болушту.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетине  Ат–Баши районунун А.Керимбаев атындагы орто  мектебинин педагогикалык жамаатынан  түшкөн кайрылуу боюнча А.Керимбаева атындагы мектептин педагогикалык жамааты менен 1- апрель күнү жолугушу болду. Кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштер жүргүзүлүп, педагогикалык  жамаат суроолоруна канаттандырарлык жооп алышты.

     Борбордук комитетинин аппарат жетекчи А.А.Сагындыкова  мугалимдерге эмгек акы төлөөнүн жаӊы шарттары боюнча иш жүргүзүүдө мүчүлүш кемчиликтер кетип жаткандыгын айтып, эмгек акы  боюнча башкы адис К.Н. Ниязбеков  семинарда түшүндүрүп берээрин айтты.

       Семинардын темасы: “Дем берүүчү акы, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаны төрөт жана төрөттөн кийинки жөлөк пулдардын  туура эсептөө, расым жөлөк пулдарды дайындоо  жолдору жана эмгекти коргоо”.

Семинарга профсоюздун Ат–Башы жана  Жумгал райондук   комитеттеринен 81 баштапкы профсоюздук уюмдардын төрага жана төрайымдары, мектептин директорлору,борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери  жана мектептердин завучтары болуп 195 адам  катышты.

 КР нын Өкмөтүнүн токтомдорунун кээ бир  пунктарына  түшүнбөй калган   учурларда, эмгекти коргоо жана социалдык маселелер боюнча башчы адис К.Н Ниязбеков жана аппарат жетекчи А.А.Сагындыкова кайрадан түшүндүрүп, семинар бүтөөрү менен жазуу жана озеки  берилген суроолорго жооп  алышты.

Семинарга катышкандар  Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин адистерине ыраазычылык билдирип  семинар  жыйынтыкталды.