Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«2014-жылдын мугалими» сынагы.

 

Ала-Бука районунда март айынын ичинде айыл аймактарында биринчи баскыч “Жылдын мугалими” конкурсу өткөрүлүп,  2014-жылдын 10-11-апрелинде  «Жылдын мугалими»  сынагына райондогу жалпы аймактардагы мектептерден 16 мугалим  райондук сынакка катышты, алардын  интеллектуалдык деңгээлин, саясий кругозорун, мугалимдин окуткан сабагы, иш кагаздары, компьютердик сабаттуулугу жана тарбиялык багыттагы темаларда өткөн сабагы боюнча «Мастер класс» аркылуу педагогикалык чеберчилиги жана мугалимдин өзүнүн таланты  каралып,    “2014-жылдын чыгаан мугалими” аныкталды.

          Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерден А.Тураббаев а.о.мектебинин математика мугалими Сартмырзаева Үмүтай, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерден Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Анара Айтикеевалар өздөрүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүштү.

Акырында калыстар тобу жыйынтыгын чыгарып байгелүү орундарга чыккан мугалимдерди билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондук профсоюз комитетинин төрагасы куттуктап профсоюз комитети тарабынан уюштурулган баалуу белектерди жана ардак грамоталарды тапшырышты.