Областтык тармактык профсоюз комитеттери жана областтык профсоюздар кеӊеши тарабынан “Cоциалдык адилеттүүлүк күнү” өткөрүлдү

2014-жылдын 27-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы Өкүлчүлүгүнүн чоӊ залында губернатордун орун басары, областтык мекеме ишканалардын жетекчилери, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик мекеме ишканаларда иштешкен профсоюз мүчөлөрү катышкан социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата “Ачык эшиктер” күнү өткөрүлдү.
03.03.2014 728 Профсоюз в регионахГазета "Позиция профсоюза" №1-2 (125-126) Февраль, 2014

Билим, илим кызматкерлер кесип бирлигинин социалдык - укуктук газетасы. Профсоюздук биримдигибиз бекем! Биз биригебиз!
03.03.2014 1234 Газета "Позиция профсоюза"«Жаӊы багытка» ак жол!
2014-жылдын 26- февралында Момбеков айыл аймагындагы №16 Ж. Турусбеков атындагы орто мектебинин чогулуштар залында Билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин 5-Пленуму өткөрүлүп, анда төмөнкү маселелер каралды:
28.02.2014 789 Профсоюз в регионахДене тарбия мугалимдерине урмат жана даӊк!
2014-жылдын 22-февралында Кочкор-Ата шаарындагы «Нефтчи» спорттук сарайында Ноокен районунун билим берүү кызматкерлеринин кышкы спартакиадасы «2014-жыл- Жаштардын жана профсоюздук ишмердүүлүктү жаӊы инновациялардын жылына» карата, райондун ардагер дене-тарбия мугалимдеринин урматына жана 23 -февраль Ата Мекендин коргоочулардын майрамына карата өткөрүлдү.
27.02.2014 863 Профсоюз в регионахИш кагаздарын аткаруу тартиби боюнча райондук билим берүү мекемелеринин директорлорунун семинарлары болуп өттү

2014-жылдын 21- февраль күнү Көк-Жар айыл аймагындагы М. Мамытов атындагы “Жийде” орто мектебинде, 22-февраль күнү Т. Зулпуев айыл аймагындагы Б. Атишев орто мектебинде, 25-февраль күнү Н. Исанов айыл аймагындагы Алтын-Казык орто мектептеринде мектеп директорлорунун “Иш кагаздарынын аткаруу тартиби ” деген аталышта практикалык окуу семинарлары болуп өттү. Семинарларды Ноокат райондук профсоюз комитетинин төрайымы С. Шанабаева, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчу адиси М. Каратаевалар жетектеп, анда билим берүү мекемелеринде иш кагаздарынын аткаруу тартиби, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулдарды төлөө тартиби, Сапар чыгымдарын төлөө нормалары, Кепилдиктер жана компенсацияларды төлөө нормалары боюнча атайын даярдалган слайддык материалдар менен окуулар өткөрүлдү.
26.02.2014 1024 Профсоюз в регионахВ помощь профактиву

ЦК профсоюза работников образования и науки в настоящее время распространяет методическое пособие по разъяснению применяемых в системе образования республики нормативно-правовые документы (кадровое делопроизводство, образцы приказов по оформлению приема и увольнение работников, о порядке предоставления в системе образования трудовых и социальных отпусков, вопросы оплаты труда) под редакцией А.Токтогулова, Л Олимпиевой и Б.Кадыркулова.
25.02.2014 848 Информационный бюллетеньНоокат районундагы Х. Самиев орто мектебинде профсоюз уюмдарынын төрага төрайымдарынын райондук семинары

Семинарга Ош облустук билим берүү мекемелеринин профсоюз комитетинин төрагасы С. Тойгонбаев жана анын аппарат кызматкерлери, Ноокат райондук профсоюз уюмунун төрайымы С. Шанабаева, Нокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Маматалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар боюнча адиси М. Каратаева жана район аймагындагы билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын төрага-төрайымдары катышты.
21.02.2014 806 Профсоюз в регионахКыргызстанды саясий полигонго айландырууну токтоткула

Биз Алай районундагы билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу жаңыдан чыгып жаткан “нитрат” менен азыктанган жасалма профсоюздардын саясий оюндарын четке кагабыз. 2013-жылы билим берүү тармагын финансылоо айыл округдарынан райондук билим берүү бөлүмүнө өткөндүгүнө байланыштуу мурда мамлекеттик мекемелер профсоюзуна кошулуп жүргөн техникалык кызматкерлер да өз арыздарын жазышып, биздин билим берүү профсоюздарына кошулушту. Биздин катарыбыз дагы 900-1000 профсоюз мүчөсүнө көбөйүп калды.
20.02.2014 837 Информационный бюллетень20 февраля — Всемирный день социальной справедливости

Справедливость — это основа демократического общества, которое обеспечивает всем своим членам равные права и возможности. Социальная справедливость декларирует уважение к каждому человеку, нации и государству.
19.02.2014 886 Информационный бюллетеньЭмгек жааматы жана профсоюз.

Биздин К.Раимбеков атындагы мектептин эмгек жамааты Эгемендүүлүк жылдарынан бери билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун мүчөсүбүз. Райондук, областтык жана республикалык билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитеттери биздин укуктарыбызды, кызыкчылыктарыбызды ар тараптан коргоп, усулдук көрсөтмөлөрдү жана жардамдарды берип келет. Ошондой эле түрдүү иш - чараларды, кароо-сынактарды, спартакиаларды өткөрүү менен кызматкерлердин эс алууларын уюштурат.
18.02.2014 732 Профсоюз в регионах«Профсоюздун күчү-ынтымак менен биримдикте»

Биз,Чон-Алай районунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун мүчөлөрү акыркы мезгилдерде «Эркин профсоюздар конфедерациясын» түздүк деп жатышкан Н.Асанов менен Н.Дуйшонбеков деген атуулдардын массалык маалымат каражаттарынан Кыргызстан профсоюздар федерациясына,анын торагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин адресине курулай жалаа жаап, ар түрдүү дооматтарын айтып жаткандыгына тынчсызданып жаткандыгыбызды билдиребиз. Аталган атуулдар өз алдынча «Эркин профсоюздар» түзөбүз десенер профсоюз түзүлбөгөн мекемелерге барып,өзүнөрдүн уставыңар менен иш жүргүзө бербейсиңерби?
18.02.2014 814 Профсоюз в регионах