Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек китепчеси-негизи документ

     2018-жылдын  18-апрелинде Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылындагы №2 А.Нышанбаев  атындагы орто мектебинде  профкомдордун семинары болуп  өттү. 

Семинарга райондагы 65 мектептин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары  катышышты.

     Семинарда төмөнкү   маселелер  талкууланды:

1.Эмгек китепчеси – кызматкерлердин  эмгек стажы жана эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө негизги документ.

2.Жаштар кеңеши, жаштар кеңештерин түзүүнүн кадамдары

3.Суроо жооптор .

   Семинарды Билим берүү жана илим кызматкелеринин  профсоюзунун райкомунунун төрагасы С.Жаркымбаев  алып барды.

Семинарга Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов , башчысынын орун басары М.Буркановтор катышышты.

Биринчи маселе боюнча  С.Жаркымбаев  слайд көрсөтүп, түшүндүрүмө берди.                         

Экинчи  маселе  боюнча  жаштар кеңешинин төрайымы-Н.Усенова “Жаштар кеңеши, жаштар кеңештерин түзүүнүн кадамдары” боюнча кеңири маалымат  берди.

Үчүнчү маселе боюнча: Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Т.Усенов   районубузда болуп жаткан  билим берүү тармагындагы жаңылыктарды жана  билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө түшүндүрмө берип өттү.  Ар кандай суроолорго жооп берди. 

Семинардын катышуучуларынын ой-пикирлери ,  сунуштары  угулуп жыйынтыкталды.

Материалды даярдаган: Райкомдун алдындагы райондук  жаштар кеңешинин төрайымы- Н.Усенова.