Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылындагы №2 А.Нышанбаев атындагы орто мектебинде профкомдордун семинары болуп өттү

     Профкомдордун семинарын  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин  Базар-Коргон райондук комитети тарабынан семинары уюштурулду.

Семинарга районубуздагы 65 мектептин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары толук катышышты.

     Семинарда каралуучу маселелер:

1.Эмгек китепчеси – кызматкерлердин  эмгек стажы жана эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө негизги документ.

2.Жаштар кенеши, жаштар кенештерин түзүүнүн кадамдары

3.Суроо жооптор.

   Семинардын жүрүшүн  райкомпрофсоюздун төрагасы С.Жаркымбаев  алып барды.

Семинарга Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов , башчысынын орун басары М.Буркановтор катышышты.

Биринчи маселе боюнча  С.Жаркымбаев  слайд көрсөтүп, түшүндүрүмө берди.                         Экинчи  маселе  боюнча  Н.Усенова жаштар комитетинин төрайымы. Жаштар кенеши, жаштар кенештерин түзүүнүн кадамдары боюнча кенири айтып кетти..

Үчүнчү маселе боюнча: Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Т.Усенов   районубузда болуп жаткан  били берүү тармагындагы жанылыктарды жана  билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө түшүндүрмө берип өттү.  Ар кандай суроолорго жооп берди.