Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жумгал районунда семинар

Ар бир үй-бүлɵ, ата-эне баласын мектепке, бала бакчага жɵнɵтүп жатканда аман барып, аман келүүсүн тилейт эмеспи. Билим берүү уюмдары да талыкпай ушул максатта иш алып барат. Баланын ɵмүрү жана ден-соолугу, ɵрмүрү баа жетпеген  нерсе экендиги анык. 

Окуучу, тарбиялануучу үчүн мектепте, бала бакчада коопсуз шарттар түзүлүп, айтып келбеген кырсык болуп калса эч бир адамдын ден-соолунуна жана ɵмүрүнɵ  доо кетирбей коопсуз жайга алып чыгып кетүүгɵ шарт түзүлүп туруу абзел экенин баарыбыз билебиз. 

Бул жерде биз сɵзсүз кɵӊүл бура турган нерсе: алдын ала ɵткɵрүлүп турган профилактикалык  иш чаралар, бир системада ɵтɵ турган инструктаждар, окуулар жана машыгуулар.  Ɵзгɵчɵ кɵӊүл бура турган учур бул  имараттардын даярдыгы: кошумча эшиктердин оӊой ачылышы, ɵрткɵ каршы щиттер менен окуу жайдын толук камсыз болушу, имараттан чыгып кетүү схемасынын оӊой жана кɵрүнүктүү жерде илинип турушу жана аталган учурларда эвакуация жүргүзүүдɵ персоналдын ичинен даяр кадрлардын болушу.

     Аталган нерсеге тереӊ кɵӊүл буруп Билим берүү кызматкерлеринин Жумгал райондук кесиптик уюму жана Жумгал райондук билим берүү бɵлүмү Чаек айылында жайгашкан  Шабданбек уулу Алтынбек атындагы бала бакчада Кыргыз Республикасынын "Эмгекти коргоо жɵнүндɵ" мыйзамынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында  сакталышы деген темада семинар ɵттү.  Семинарга райондун бала бакчаларынын жетекчилери жана баштапкы  профсоюз уюмунун тɵрайымдары  чакырылды. Катышуучулар  аталган багытта керек болуучу  нормативдик -укуктук актылар менен камсыз болушту.  Ошондой эле ɵтүлɵ турган инструкциялардын үлгүсүн, жүргүзүлɵ турган журналдардын формасын,  персоналдардын функционалдык милдеттеринин болжолдуу мазмунун алышты.  Семинардын катышуучулары уюштуруучуларга тереӊ ыраазычылык билдиришти.