Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук комитеттин президиум кенешмесинде коопсуздук боюнча маселе каралды

      2018-жылдын 18- апрель  күнү  Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү.

      Президиум  кенешмесине   К. Нышанов, З.Усенов, А. Айдаров, А. Усманов, Б. Курбанова, А. Орозова, З. Юлдашева, М. Абдуллаева А.Сагынбаевалар катышышты.

Президиум  күн  тартибинде  төмөнкү  маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

  1. КР «Билим берүү», «Мугалимдин статусу»  жана «КРда эмгектик мамилелер  боюнча социалдык өнөктөштүк» мыйзамдарынын негизинде рай. администрация,  райБББнүн   менен  райКБК  ортосунда   түзүлгөн   МАКУЛДАШУУ  аркылуу      мугалимдеринин   жана  тарбиячыларынын социалдык-экономикалык  маселелеринин   чечилишинин  абалы жөнүндө.
  2.  Билим берүү кызматкерлерине  социалдык  камсыздандыруу каражаттарынын  төлөнүшүнүн  абалы  жөнүндө.                                                                
  3.  Мектепке  чейинки билим берүү  мекемелеринде  эмгекти  коргоо  жана  коопсуздук чараларынын аткарылышынын  абалы.
  4.  “Райондук билим  берүү  Ардагери”  төш  белгиси  менен  сыйлануучулардын   тизмесин  бекитүү.