Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси”

 Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Бешик-Жон айыл өкмөтүнө караштуу Бешик-Жон айылындагы М. Мамбеталиев атындагы №7 гимназия мектебинде Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн Жобосунун негизинде “Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине” карата конкурстун зоналдык туру болуп өттү. Бул конкурска Башик-Жон айыл өкмөтүндөгү мектептер, №42 К. Сооронбаев атындагы орто мектеби, №8 Карача орто мектеби,  №22 Тагай уулу Камал атындагы орто мектеби жана  М. Мамбеталиев атындагы №7 гимназия мектеби катышты.

       Конкурска мектептер саламдашуу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан сахна көрүнүш, көркөм окуу, чыгармаларга байланышкан обондуу ырлар жана банер жактоо сынактары менен күч сынашты. Жогоруда аты аталган мектептер жогорку деңгээлде даярданып келишип, өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүштү. Атап айтсак, №42 К. Сооронбаев атындагы орто мектеби “Акбаранын көз жашы”,  №8 Карача орто мектеби “Биринчи мугалим”, №22 Тагай уулу Камал атындагы орто мектеби “Саманчынын жолу”, М. Мамбеталиев атындагы №7 гимназия мектеби “Жамила” чыгармаларынан үзүндү аткарышты.

       Жыйынтыгында М. Мамбеталиев атындагы  №7 гимназия мектебинин жамааты биринчи орунду ээлеп, сынактын райондук туруна жолдомо алды.

      М. Мамбеталиев атындагы №7 гимназия мектебинде өткөн конкурска баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Усенова Назира ата-энелер комитети жана камкорчулук кеңеш менен биргеликте материалдык жардам көрсөттү. Баштапкы кесиптик уюмдун төрайымы өзү дагы конкурста катышып, жеңишке жетишишти.