Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Тогуз-Торо районунда “Жыл мугалими -2018” сынагы ɵткɵрүлдү

Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда “Жылдын  мугалими -2018” сынагы быйыл 12-13- апрель күнү №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде ɵткɵрүлдү.   

Сынакка райондун мектептеринен 11 мугалим катышышты.

“Жылдын мугалими-2018” сынагынын жобосунун негизинде сынактын бардык талаптары боюнча  калыстар тобу  адилет жана калыс баа беришип жеӊүүчү аныкталды.  Ɵзүнүн мугалимдик чеберчилигинин, изденүүчүлүгүн,  жаңыча ыкмаларды таап колдоно билгендиги, жогорку педагогдук чеберчилигин кɵрсɵтүп №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал  жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Жолдошалы кызы Нурзат  “Жылдын  мугалими– 2018” сынагынын “Баш байгесин “жеӊип алды.

Сынактын катышкан бардык мугалимдер ɵздɵрүнүн  заманбап деңгээлге умтулуп, жанычылдык менен улам алга илгерилеп изденип иштеп жатышкандыктарын кɵрсɵтɵ алышты.  Жыйынтыгында райондук  билим берүү бɵлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Т.Карагулова,  профсоюздун райондук  комитетинин тɵрагасы  З.Ажыбаев, айыл округ башчылары куттуктап, жеӊүүчү мугалимдер  ардак грамоталар жана баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйлады.