Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биз сергек жашоо үчүн!

Кочкор районундагы И. Арабаев атындагы орто мектебинин мугалимдери жана техкызматкерлеринин арасында жыл сайын өткөрүүлүчү спартакиада 7-апрелде «Биз сергек жашоо үчүн» аттуу ураан менен 6-апрель - Эл аралык спорт күнүнɵ карата өткөрүлдү.

Уюштуруучу топко кирген мугалимдер К.С. Бостонкулова, Р.А. Мойденов, Т.Т. Нурдинов жана Р. Алымова билек түрө иштешти.

Алар каалоочулардын тизмесин түзүп, ар бир катышуучунун жаш курагын, спорттук жөндөмдөрүн эске алуу менен 2 ай мурун аларды 3 топко бөлүп, аларга мелдештин программасын тапшырышты. Бул убакыт арапыгында топтордун башчылары Э. Ч. Ибраев, К.Н. Токтобекова жана Т. Т. Нурдинов катышуучуларды сабактардан кийин чогултуп, кызуу даярдык кɵрүп жатьппты.

Бул иш - чара мектептин профсоюздук комитетинин демилгеси менен өткөрүлдү. Спартакиаданын ачылышында 2010-жылы    7-апрелде мекенибиз үчүн жанын берген баатырларыбызга куран окулду. Андан кийин Кочкор райондук билим берүү профсоюз уюмдарынын комитетинин төрөгасы А. Т. Темиров, мектеп директору Д. А. Кичинебатыров жана мектептин профсоюздук комитетинин төрайымы А. Б. Турдубаева сөз сүйлеп, катышуучуларга ийгилик каалашты.

Мелдеш өтө кызыктуу өттү. Кубаныч, толкундануу, өкүнүү - кандай гана түркүн - түстүү эмоционалдык палитра! Мелдештин калыстык милдетин аркалаган дене тарбия мугалимдери Ж.Х. Быванцын жана С.Н. Мырзабеков өз иштерин так аткарышып, обьективдүү чечим чыгарышты.

Жыйынтыгында I орунду «Алга» тобу, II орунду «Ынтымак» жана «Скорпион» топтору ээлешти.

Бул мелдеш билим берүү кызматкерлеринин ынтымагы, бекемдиги жана саламаттыгынын сактыгы айкалышса билим берүү сапаты артат деген максатта өттү.

И. Арабаев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Кундуз Бостонкулова.