Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргон районунда “Жылдын мыкты мугалими 2018» аныкталды

Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнө караштуу № 30 Ө.Атабекова атындагы гимназия мектебинде “ Жыл мугалим – 2018-жыл” кароо сынагынын райондук туру өткөрүлдү ага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.Адышова , Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Ж.Усенов , Базар-Коргон райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев катышты. Кароо – сынак 2 турдан өтүп, сынактын катышуучулары чучукулак тартуу жолу менен сабактарын тандашып сынактын 1-турунда ачык сабак өтүшүп, мастер класс, өз адистиги жана педагогика, психология боюнча тестке чукул суроолорго жооп берип мелдеш сынактын 2- турунда катышуучулар өзүн-өзү тааныштырып, өз кызыгууларына ( хобби ) токтолуп, ар бир мугалимдин портфолиосу каралып чыкты.

Жыйынтыгында:

1-орунду №6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектебинин башталгыч класс мугалими Сыргабаева Жазгүл ээлеп 1-даражадагы диплом жана плазмалык телевизор менен сыйланды. 2-орунду №17 С.Далбаев а.г.ж.м. орус тили жана адабияты мугалими Камбаралы к Гулназ 3-даражадагы диплом жана кир жуугуч машина менен сыйланды .

Ал эми 3-орунду №30 Ө.Атабекова атындагы и.г. мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Эрмаматова Гуля 3-даражадагы диплом жана электропечка менен сыйланды.

Ал эми сынактын калган катышуучулары : Капашева Нурила № 9 Ж.Асанов а.о.м, Адиева Жамийла №31 Б.Абдрахманова а.о.м., Жолдошова Батина №22 Тагай уулу Камал а.о.м, Ажибаева Айкөкүл №33 Ж. Турусбеков а.о.м. мугалимдери Райком профсоюз комитети тарабынан диплом жана электротермостор менен сыйланышты. Районубузда “ Жыл мугалими- 2018-жыл” кароо сынагы билим берүү бөлүмү тарабынан жогорку денгээлде уюштурулуп жана райондук профсоюз комитети тарабынан баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.