Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Энелер мектебинин билим берүүдөгү орду жана мааниси” эл аралык форуму

2018-жылдын  16-апрелинде Баткен облусунун борборундагы А.Жайнаков  атындагы музыкалык  драма театрында  «Энелер мектебинин билим берүүдөгү орду жана мааниси” аттуу эл аралык форум болуп өттү.

Форумга КР билим берүү жана илим министрлигинин стат-катчысы Ж.Ташиев, Республиканын жети дубанынан чакырылган коноктор, коңшуу Өзбекстан жана Тажикистан Республикаларынан келген өкүлдөр келип катышышты.

Ошондой эле Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык иштер боюнча вице-мэри Р.Алтымышов, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюузунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акуновдор шаардан барган делегацияны жетектеп,  “Энелер” мектебинин иш тажрыйбасын менен таанышып кайтышты.

Форумда энелер мектеби тууралуу талкуу жүрүп аягында декларация кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин адиси Максат Мамасыдыков.