Сузак районунда мугалимдердин Август кеңешмеси өткөрүлдү
2018-жылдын 27-августунда Сузак районунда мугалимдердин Август кеңешмеси өткөрүлдү. Август кеңешмесине 300дөн ашык билим берүү кызматкерлери, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы Омошев Э.А, раймамадминистрация башчысынын орун басары Абибова Л.С., райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Тажидинова Ш.И., профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы Орозалиев А.Д, айыл өкмөт башчылары жана башка мекеме ишкана, уюмдардын жетекчилери катышышты.
01.09.2018 703 Кесиптик бирлик региондордоАксыда Келечек муундун ээлери – балдарга жакшы камкордук.
Жакында Аксы районундагы Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу «Мукур» жана Байгашка-Терек айылдарында келечек муундун ээлери болгон бөбөктөр үчүн эки бала бакча пайдаланууга берилди.
01.09.2018 629 Кесиптик бирлик региондордоПрофлидерлердин Ысык-Көлдөгү семинары
Жалал-Абад обкомунун алдындагы профсоюздук билим берүү Борборунун иш планына ылайык 2018-жылдын 18-20-августу күндөрү облустук райшааркомдордун төрагалары үчүн “Жайкы эс алууну уюштуруу иш тажрибасынан” темасында Токтогул районунда жана Ысык-Көлдүн “Геолог” пансионатында семинар өткөрүлдү.
01.09.2018 574 Кесиптик бирлик региондордоКызыл-Кыя шаарындагы мугалимдердин август кеңешмесинин өтүшү
2018-жылдын 24-август күнү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан жыл сайын салтка айланган мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү.
01.09.2018 629 Кесиптик бирлик региондордоКызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы 2018-2019-окуу жылына даярдыгын текшерүү
2018-жылдын 14-15-16-август күндөрү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдыгын текшерүү боюнча буйругу чыгарылып, текшерүү жүргүзүлдү.
01.09.2018 590 Кесиптик бирлик региондордо“Келгиле окуйбуз” долбоорунун 2-сезону
2018-жылдын 7-8-9-август күндөрү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин баштылгыч класстардын мугалимдери жана мектеп директорлору үчң Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинде “Келгиле окуйбуз” долбоорунун 7-модулу боюнча окуулар өткөрүлдү.
01.09.2018 992 Кесиптик бирлик региондордоКызыл-Кыя шаарында алдыңкы орундарда турган билим берүү мекемелери аныкталды
Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринин алдыңкы орунда турган билим берүү мекемелери аныкталды. Мектептер боюнча
01.09.2018 620 Кесиптик бирлик региондордо№22 «Гулкайыр» балдар бакчасына кошумча корпус курулуп жатат
Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу № 22 «Гулкайыр» балдар бакчасына 48 орунду эки тайпага ылайыкташтырылган жалпы суммасы 4 000 000 сом болгон кошумча корпусу курулуп жатат. Курулушту ушул эле айылдын кулуну жеке ишкер, мыкты стоматолог врач, патриот агаларыбыздын бири М. Алиев өзүнүн жеке каражатынан салдырып жатат.
27.08.2018 656 Кесиптик бирлик региондордоПрофоюздук иштер өркүндөй берсин.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райкомунун төрагасы Жаркынбаев Сүйүнбек Сарыевич 2018-жылдын жайкы эс алуусун жемиштүү уюштуруп, мугалимдердын алкышына татыктуу болду. Биздин тайпабыз 2018-жылдын 18-23-августу күндөрү Ысык-Көлдөгү “Геолог” пансионатында эс алуу үчүрүнда облусубуздагы райшаардык профсоюздук лидерлер жана обкомдун төрагасы А.А Исмаилов менен жолугушу болду.
27.08.2018 598 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюздук жетекчиликке ыраазычылык!
2018-жылдын 15-19-августу күндөрү Ысык-Көлдөгү “Геолог” пансионатында Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунан алдынкы мугалимдер эс алдык. Пансонатта ден-соолукту бекемдөөгө бардык шарттар түзүлгөн. Биздин эс алуу күндөрүбүздө облустук комитеттин төрагасы А.А.Исмаилов, райкомубуздун төрагасы Ж.Т.Дурусалиевтер келип, жолугушуп кабар алып жакшы каалоо, тилектерин билдиришкендиги бизге күч кубат жана жаңы окуу жылына дем берди. Эс алуубуздун каржылоосу облустук комитеттин эсебинен уюштурулду.
27.08.2018 570 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде жайлоо бала бакчасы ачылды
2018-жылдын 13-июлунда “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо бала бакчалары” долбоорунун алкагында Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыштак айылында № 42 “Нур –Айым” балдар бакчасынын базасында 25 орундуу “Жоогазын” жайлоо бала бакчасы ачылды. Бала бакчаны уюштурууда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Масы айыл өкмөтүнү, Кызыл-Кыштак айыл тургундары көмөк көрсөтүштү.
27.08.2018 829 Кесиптик бирлик региондордо