Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы 2018-2019-окуу жылына даярдыгын текшерүү

2018-жылдын 14-15-16-август күндөрү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдыгын текшерүү боюнча буйругу чыгарылып, текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүчү комиссиянын курамында билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ж.М.Душобаева, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова, шаардык кеңештин депутаты, шаардык мэриянын соц.бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Балтабаева К., шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери А.А.Сатыбалдыев, өртө каршы бөлүмдүн кызматкерлери киргизилди. Текшерүү учурунда ар бир кызматтын өкүлдөрү өздөрүнө тиешелүү бөлүм боюнча текшеришип, текшерүү натыйжасы боюнча билим берүү мекемелеринин башчыларына билдиришти жана кемчилдиктер болсо, аларды оңдоо боюнча мөөнөттөр берилди.