Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде жайлоо бала бакчасы ачылды

2018-жылдын 13-июлунда “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо бала бакчалары” долбоорунун алкагында Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыштак айылында № 42 “Нур –Айым” балдар бакчасынын базасында 25 орундуу “Жоогазын” жайлоо бала бакчасы ачылды. Бала бакчаны уюштурууда  Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Масы айыл өкмөтүнү, Кызыл-Кыштак айыл тургундары көмөк көрсөтүштү. Ачылыш аземге Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Н. Бекжигитова,  Масы айыл өкмөтүнүн башчысы  Ж. Эшенкулов, Ноокен райКБКнын төрагасы К. Нышанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери  жана айыл аксакалдары, тургундары катышты.

Айыл өкмөтү жана айыл тургундары  тарабынан бакчага боз үй жабдыктары менен жасалгаланып, тарбиячылардын айлык маяналары чечилди.  Фонд тарабынан жалпы суммасы 20 000 сомду түзгөн китептер, окуу куралдары, оюнчуктар, көргөзмө куралдар, дидактикалык материалдар берилди.

Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров