Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Келгиле окуйбуз” долбоорунун 2-сезону

2018-жылдын 7-8-9-август күндөрү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин баштылгыч класстардын мугалимдери жана мектеп директорлору үчң Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинде “Келгиле окуйбуз” долбоорунун 7-модулу боюнча окуулар өткөрүлдү. Бул тренингде “Калыптандыруучу баалоо” боюнча окуулар өткөрүлүп, мында окууда начар көрсөткүчтөргө ээ болуп жаткан окуучуларды шыктандыруу, окуганын түшүнүүгө кызыктыруу боюнча ар түрдүү көнүгүүлөр, сунуштар берилди. Бул көнүгүүлө катышуучулар тарабынан аткарылып, түшүнүксүз учурлар боюнча жеринде талкуу жүргүзүлдү.