Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

№22 «Гулкайыр» балдар бакчасына кошумча корпус курулуп жатат

Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу № 22 «Гулкайыр» балдар бакчасына 48 орунду эки тайпага ылайыкташтырылган жалпы суммасы 4 000 000 сом болгон кошумча корпусу курулуп жатат. Курулушту ушул эле айылдын кулуну жеке ишкер, мыкты стоматолог врач, патриот агаларыбыздын бири М. Алиев өзүнүн жеке каражатынан салдырып жатат. Азыркы учурда М. Алиев өз эмгек жолун Россия Федерациясынын борбору Москва шаарында өзүнүн жеке клиникасында улантып жатат. Курулуш иштери май айында башталып, азыркы күндө кызуу жүрүп жаткан учуру.

№ 22 “Гулкайыр” балдар бакчасынын директору

Ф. Аджибекова