Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук жетекчиликке ыраазычылык!

2018-жылдын 15-19-августу күндөрү Ысык-Көлдөгү “Геолог” пансионатында Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунан алдынкы мугалимдер эс алдык. Пансонатта ден-соолукту бекемдөөгө бардык шарттар түзүлгөн.

Биздин эс алуу күндөрүбүздө облустук комитеттин төрагасы А.А.Исмаилов, райкомубуздун төрагасы Ж.Т.Дурусалиевтер келип, жолугушуп кабар алып жакшы каалоо, тилектерин билдиришкендиги бизге күч кубат жана жаңы окуу жылына дем берди. Эс алуубуздун каржылоосу облустук комитеттин эсебинен уюштурулду.

Биз профсоюздук жетекчилерибизге ыраазычылык билдирип, иштеринде ийгиликтерди каалайбыз.

Материалды даярдаган: Ала-Бука районунун Бекманбетов атындагы орто мектебинин мугалими Мамбетова Гулжан.