Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профлидерлердин Ысык-Көлдөгү семинары

Жалал-Абад обкомунун алдындагы профсоюздук билим берүү Борборунун иш планына ылайык 2018-жылдын 18-20-августу күндөрү облустук райшааркомдордун төрагалары үчүн “Жайкы эс алууну уюштуруу иш тажрибасынан” темасында Токтогул районунда жана Ысык-Көлдүн “Геолог” пансионатында семинар өткөрүлдү.

18-август күнү семинардын катышуучулары балдардын эс алуусун уюштуруу боюнча Токтогул райкомунун  “Өйүш-Булак” эс алуу борборундагы иштери менен танышышты.

19-20-август күндөрү семинар Ысык-Көлдөгү “Геолог” пансионатында улантылды. Райшааркомдордун төрагалары менен“Жайкы эс алууну уюштуруудагы проблемалар жана чечүүнүн жолдору” темасында тажрыйба алмашуулар журуп, ой-пикирлер, сунуштар талкууланып, усулдук сунуштардын тизмеги бекитилди.

Семинардын катышуучулары тарабынан обкомго ыраазычылыктар билдирилип, семинарларды эс алуу менен айкалыштыруу жакшы саамалыктар экендигин өзгөчө белгилешти.

Материалды даярдаган: Обкомдун инспектору - А.Айдаров.