Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаарындагы мугалимдердин август кеңешмесинин өтүшү

2018-жылдын 24-август күнү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан жыл сайын салтка айланган мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү.

Август кеңешмеси быйылкы жылы “Сапаттуу билим берүү- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн негизи” деген ураан астында өттү. Кеңешме шаардык маданият үйүндө өткөрүлүп, ар бир билим берүү мекемесинен жыл ичинде жакшы жыйынтыктарга жетишкен мугалим-тарбиячылар чакырылды. Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Саттарова Ч.О., шаар мэри Э.А.Топчубаев, шаардык кеңештин төрайымы У.М.Дарипова жана шаардын мекеме-ишканаларынан өкүлдөр катышып, өткөн окуу жылда аткарылган иштерге анализ берүү менен жаңы окуу жылга карата милдеттерди алышты.

Кеңешмеге жалпысынан 500 гө жакын адам катышып, кеңешме соңунда жыл жыйынтыгына карата алдынкы билим берүү мекемелерине акчалай сыйлыктар, жыл ичинде аткарган иштерине карата мугалим, тарбиячыларга ар түрдүү номинациялар, акчалай сыйлыктар берилди. Мындан тышкары №9 У.Гулматов атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Ы.Ысакова, №11 М.Куренкеев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Н.Абдуллаеваларга өмүрүн билим берүү тармагына арнап, ардактуу эс алууга кетип жаткандыгына байланыштуу билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети тарабынан баалуу белектер тапшырылды.