Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районунда мугалимдердин Август кеңешмеси өткөрүлдү

2018-жылдын 27-августунда Сузак районунда мугалимдердин Август кеңешмеси өткөрүлдү. Август кеңешмесине 300дөн ашык билим берүү кызматкерлери, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы Омошев Э.А, раймамадминистрация башчысынын орун басары Абибова Л.С., райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Тажидинова Ш.И., профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы Орозалиев А.Д, айыл өкмөт башчылары жана башка мекеме ишкана, уюмдардын жетекчилери катышышты. Август кеңешмесинде райондун билим берүү тармагындагы жетишкендиктер, көйгөйлөр жана кемчилдиктер жөнүндө кеңири талуу жүрүп, тийиштүү резолюция кабыл алынды.

Август кеңешмесинин жүрүшүндө билим берүү тармагына кошкон салымдары үчүн мугалимдерге “Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигин, райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары тапшырылды.

Профсоюздун Сузак райкомунун басма сөз катчысы: З.Киргизбаев