Элет жериндеги иштиктүү семинар
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин планына ылайык 17-18-июль күндөрү Тогуз-Торо районунда облустук көчмө семинар уюшкандыкта өткөрүлдү. Семинардын алкагында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Кожошов Айбек Карыбекович менен жолугушуу болуп өттү.
24.07.2018 1061 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы кылымдын жолу
“Жалал-Абад- Балыкчы” жолу Кыргыз мамлекетинин келечек өнүгүүсүнүн жолу болуп, аймактардын өнүгүүсү үчүн чоң өбөлө түзүшүн өзүбүз көрүп чексиз кубандык. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин “ Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата иш-чараларынын негизинде Тогуз-Торо районунда 2018-жылдын 16-18-июлу күндөрү өткөрүлгөн облустук семинардын алкагында “Жалал-Абад-Балыкчы” жолунун курулушу менен тааныштык.
23.07.2018 620 Кесиптик бирлик региондордо«Бирдиктерге» кубаныч тартуулаган билим уясы
Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу «Бирдик» айылында мектепке чейинки билим берүү уюму жоктугунан жаш жеткинчектерди мектепке даярдоо боюнча көйгөй жаралып келген. Маселени чечүү максатында аталган айыл өкмөттүн башчысы Кадырбек Эпеев тарабынан «Арис» уюмуна долбоор даярдалып өткөрүлүп, анын натыйжасында долбоор тарабынан каржы булагы чечилип, балдар бакчасынын курулушу «Кербен жол курулуш» фирмасы тарабынан сапаттуу бүткөрүлүп, имаратка 17 млн сом сарпталган.
23.07.2018 670 Кесиптик бирлик региондордоБорбордук Комитеттин төрагасы А. Токтогулов балдардын жайкы эс алуусунун уюштурулушу менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А. Токтогулов иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду. 2018-жылдын 16-июлу күнү Сузак районунун Кара-Алма аймагында жайгашкан Жалал-Абад шаардык мэриясынын “Алтын балалык” балдардын эс алуу борборунда журуп жаткан иштер, балдар үчүн тузүлгөн шарттар менен Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогулов, обкомдун төрагасы А.Исмаилов, шааркомдун төрагасы К.Акунов жакындан таанышышты.
23.07.2018 643 Кесиптик бирлик региондордоБаткен областындагы билим берүү кызматкерлеринин балдары жайкы эс алуу лагерлеринде көнүлдүү эс алышууда .
Билим берүү кызматкерлеринин балдарынын жайкы эс алуусун мыкты уюштуруу максатында, 2018-жылдын 5-июнунда райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагаларын жана областагы балдардын ден соолугун чындоо борборлорунун директорлорунун, эсепчилеринин катышуусунда жайкы эс алууга даярдык боюнча маселе каралып, тиешелүү тапшырмалар берилген.
23.07.2018 590 Кесиптик бирлик региондордоАксы Районунун Молдо-Багыш атындагы №51 мектебинин мугалимдери Апшыр-Ата эс алуу жайында эс алып кайтышты.
Жайдын аптаптуу күндөрүндө Аксы районундагы №51 Молдо Багыш атындагы башталгыч мектебинин мугалимдери профсоюздук бюджеттин жана өздөрүнүн эсебинен 14-15-июль күндөрү Ноокат районундагы Апшыр-Ата эс алуу жайында эс алып кайтышты.Мектептин жалпы жамааты Билим берүү,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетине, Жалал-Абад облусттук комитетине жана Аксы райондук комитетине терең ыраазычылыктарын билдиришет.
19.07.2018 834 Кесиптик бирлик региондордоМектепке чейинки билим берүү уюмдарынынын кызматкерлери жайкы эс алууда.
Аксы районундагы №23 «Чие» атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызматкерлери бүгүнкү күндө профсоюздук бюджеттин жана өздөрүнүн эсебинен «Кемпинг» эс алуу жайында эс алууда.Эс алып жаткан кызматкерлер Билим берүү,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетине, Жалал-Абад облусттук комитетине жана Аксы райондук комитетине тереё ыраазычылыктарын билдиришет.
19.07.2018 707 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюз мүчөлөрүнүнүн балдары жайкы эс алууда
Баткен областынын Лейлек районунда билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан профсоюз мүчөлөрүнүн балдары акысыз жолдомолор менен эс алышууда. Балдарды жайкы эс алууга узатуу салтанатына Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин төрагасы жана ички иштер органдары биргеликте, балдарды атайын маршруттук унаалар менен жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү органдары коштоп Лейлек районундагы “Алтын-Бешик” балдардын эс алуу борборуна 96 баланы жеткирип, балдар тарабынан даярдалган чакан концерттик программага күбө болушту.
19.07.2018 602 Кесиптик бирлик региондордоЖалал-Абадтын мугалимдери “Нептун” пансионатында
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан Жалал-Абад Обкомунун колдоосу мектеп жана бала бакча директорлору Ысык-Көлдөгү “Нептун” пансионатында эс алууда.
13.07.2018 617 Кесиптик бирлик региондордоКөнулдуу эс алуу- жаңы ийгиликке өбөлгө.
Аксы райондук билим беруу болумундо 90дон ашык мекеме бар анда 3500дон ашык кызматкерлерлер эмгектенишет.Аптаптуу жайдын башташылышы менен мугалимдердин жайкы эс алуусун уюштуруу кызуу жүргүзүлүүдө. Билим беруу илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетти тарабынан 517000 миң сом акча каражаты болунуп берилип жана мугалимдердин оздук салымы,демоорчулордун колдоосу менен уюшкандыкта иш журуудо.
11.07.2018 856 Кесиптик бирлик региондордоТогуз-Торо районунун билим берүү кызматкерлери Жалал-Абад санаториясында эс алышууда.
Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун ТогузТоро райондук комитетинин иш планына ылайык билим берүү кызматкерлерин жайкы эс алуусун көнүлдүү уюштуруу максатында Жалал-Абад санаториясында 15 билим берүү кызматкерлерин райондук комитетинин бюджетинен жана өздук салымдын эсебинен жолдомо (путевка) менен ден соолуктарын чыңдап, эс алууда.
11.07.2018 604 Кесиптик бирлик региондордо