Кыргыздын бермети болгон Ысык-Көл көлу мугалимдерге дем, күч берүүдө.
Жайдын ысык аптабында көлдүн жээгинде жана салкында эс алууга эмне жетсин. Бах... демекчи, жайдын алгачкы ысыктарында ОсОО "Ачык-Ай" коому менен биргеликте иштешүүнүн натыйжасында жана келишимдин негизинде Корумду айылында жайгашкан "Нептун"эс алуу пансионатына Таш-Көмүр шаардык БББнунө караштуу мектептерден 18 мугалим,бала бакчалардын тарбиячылыры, кенже кызматкерлери билим берүү жана илим кызматкерлеринин шаардык комитети тарабынан каржыланып, алардын ичинен 10 мугалим быйылкы "Жыл мугалими-2018" конкурсунун катышуучулары билим берүү жана илим кызматкерлеринин областтык комитети тарабынан каржыланып эс алып келишти.
03.08.2018 1020 Кесиптик бирлик региондордоСузактын профактиви Алай районунда маданий эс алып кайтышты.
Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун билим берүү кызматкерлери “2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылынын” иш чараларынын алкагында жайкы эс алууга, ден соолуктарын чыңдоо үчүн дарыланууга, республиканын табиаты кооз жерлерине саякат жасоого көңүл бурулууда. Бүгүнкү күндө 162 профсоюздук баштапкы уюмдары жогорудагы иш аракеттерди жасашууда.
03.08.2018 658 Кесиптик бирлик региондордоСузак районунун билим берүү кызматкерлери Алай районунун мектептеринде болушту
Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун билим берүү кызматкерлери жакында Ош областына караштуу Алай районундагы Отунчиев атындагы мектеп гимназиясында болушуп, педагогикалык жамааттын жаңы окуу жылына карата даярдыгынын абалы менен таанышышты, мугалимдер өз ара тажрыйба алмашышты.
03.08.2018 654 Кесиптик бирлик региондордоБалдардын жайкы эс алуу убактылары туура пайдаланылууда.
Алтын-Балалык” балдардын эс алуу борборуна үчүнчү агымы жиберилди. Ага шаар мэри Мураталы Тагаев, шааркомдун, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты. Мураталы Тагаев - келечек ээлери болгон балдардын билим алуусу менен бирге татыктуу эс алуусуна да көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Бул агымда шаар аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана билим берүү кызматкерлеринин жалпы 72 бала жиберилди.
27.07.2018 1639 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунун мугалимдери райком профсоюздун колдоосу менен эс алууда.
2017-2018-окуу жылында Аксы районунун билим берүү уюмдарында жакшы күрсөткүч берген 20 мугалим Билим берүү,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинин колдоосу менен 20-июлдан 25-илюлга чеийн «Ысык-Көл» эс алуу үйүндө көңүлдүү эс алышууда.Эс алып жаткан мугалимдер Аксы райондук комитетине терең ыраазычылыктарын билдиришет.
27.07.2018 586 Кесиптик бирлик региондордоМектеп жетекчилери, “Жыл мугалими -2018” райондук Кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү жайкы эс алууда
Баткен районундагы мектептер арасында өткөн “Мыкты социалдык өнөктөш – мектеп жетекчилиги-2017” райондук кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү болгон мектеп жетекчилери, “Жыл мугалими-2018” райондук кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү жана уюштуруучулары Баткен-Бишкек-Чолпон-Ата -Баткен машрурту боюнча дем алуу экскурсиясына жөнөтүлдү.
25.07.2018 716 Кесиптик бирлик региондордоАрдагер мугалимдер, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагалары ысык-көлдө эс алышты
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулган экскурсияга 2018-жылдын 17-21- июль күндөрү Баткен районундагы мектептерде иштеп жаткан пенсионер мугалимдер менен баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын арасында өткөн “Мыкты социалдык өнөктөш – баштапкы кесиптик бирлик уюму-2017” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү Ысык-Көлдөгү Илимдер академиясынын дем алуу үйүндө 3 күн эс алып келишти.
25.07.2018 683 Кесиптик бирлик региондордо«Жайлоодогу балдар бакчасына» ата-энелер ыраазы.
Аксы районунда Ак-Суу айыл өкмөтүндө 2016-жылдан баштап Роза Отунбаеванын демилгеси менен «Жайлоо өнүгүү борбору» деген долбоордун алкагында «Балдардын жайлоо эс алуу» борборлору уюштурулган.2018-жылда да «Чер » жайлоосунда балдардын эс алуу борбору уюштурулду. Бул жайлоо бала бакчасында 3 агым менен 70 бала тарбияланууда.
24.07.2018 808 Кесиптик бирлик региондордоОбласттык семинар Тогуз-Торо районунда өткөрүүлдү
2018-жылдын 16-17-18-июль күндөрү билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитети тарабынан “Макулдашуулар аркылуу профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоону чечүүнү өркүндөтүүнүн жолдору” деген темада семинары Тогуз-Торо районунда өткөрүлдү.
24.07.2018 740 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү кызматкерлердин балдары “Алтын –Балалык”лагеринде эс алып келишти.
Жалал-Абад областынын Кара-Алма айылындагы “Алтын-балалык” балдарды жайкы эс алуу лагерине областтык комитет тарабынан болунгон жолдомонун негизинде Тогуз-Торо районундагы билим беруу уюмдарында эмгектенген билим беруу кызматкерлердин балдары 11-июлдан 21-июлга чейин 10-кун эс алып келишти.
24.07.2018 911 Кесиптик бирлик региондордо«Жайлоо-балдар бакчасында көңүлдүү эс алуулар»
Аксы районундагы Ак-Суу айыл өкмөтүндө «Чер жайлоо балдар бакчасында» тарбиялык иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп,тарбиячылырдан башка дагы айыл аксакалдары,колунан көөрү төгүлгөн усталар,уздар,комузчу,ж.б.у.с. өнөрпоздор келип балдарыбызга сабак өтүүдө.Бүгүнкү күндө кыргыз элибиздин унутулуп бара жаткан каада-салттарын,улуттук оюндарын үйрөтүү менен бирге жомок,макал-лакаптарды жана кызыктуу аңгемелерди өтүү менен балдарыбызга кызыктуу сабак өтүүдө.
24.07.2018 951 Кесиптик бирлик региондордо