Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыздын бермети болгон Ысык-Көл көлу мугалимдерге дем, күч берүүдө.

Жайдын ысык аптабында көлдүн жээгинде жана салкында эс алууга эмне жетсин. Бах... демекчи, жайдын алгачкы ысыктарында ОсОО "Ачык-Ай" коому менен биргеликте иштешүүнүн натыйжасында жана келишимдин негизинде Корумду айылында жайгашкан "Нептун"эс алуу пансионатына Таш-Көмүр шаардык БББнунө караштуу мектептерден 18 мугалим,бала бакчалардын тарбиячылыры, кенже кызматкерлери билим берүү жана илим кызматкерлеринин шаардык комитети тарабынан каржыланып, алардын ичинен 10 мугалим быйылкы "Жыл мугалими-2018" конкурсунун катышуучулары билим берүү жана илим кызматкерлеринин областтык комитети тарабынан каржыланып эс алып келишти. Пансионаттын жетекчилери мугалимдерди жылуу тосуп алышып,ыңгайлуу,таза болмөлөр менен камсыздашты. Эс алуу үчүн эң ыңгайлуу, кезинде коомдук ишмер Т.Усубалиев эс алган жер болгондуктанбы же көлгө түшүүгө абдан жакшы жер экендиги таасир бергендей. Ак кайыңдар шуудурап,кумдун тазалыгы эс алуучулардын маанайларынан байкалып тургандай. Эс алуучулар үчүн даярдалган тамактар жагымдуу болгондугун мугалимдердин ыраазычылыгынан билинип турду.