Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районунун билим берүү кызматкерлери Алай районунун мектептеринде болушту

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун билим берүү кызматкерлери жакында Ош областына караштуу Алай районундагы Отунчиев атындагы мектеп гимназиясында болушуп, педагогикалык жамааттын жаңы окуу жылына карата даярдыгынын абалы менен таанышышты, мугалимдер өз ара тажрыйба алмашышты. Мектеп директору Асанов Мукамбет Сузактык мугалимдерге мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу боюнча иш тажрыйбасын айтып берди.

Бул тажрыйба алмашуу иш чарасына Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов жана профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиевдер катышышты.

Өз ара тажрыйба алмашуу өз жемишин берет деген ишенимдебиз.