Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жайлоодогу балдар бакчасына» ата-энелер ыраазы.

Аксы районунда Ак-Суу айыл өкмөтүндө 2016-жылдан баштап Роза Отунбаеванын демилгеси менен «Жайлоо өнүгүү борбору» деген долбоордун алкагында «Балдардын жайлоо эс алуу» борборлору уюштурулган.2018-жылда да «Чер » жайлоосунда балдардын эс алуу борбору уюштурулду. Бул жайлоо бала бакчасында 3 агым менен 70 бала тарбияланууда. Бул жайлоо балдар бакчасында «Таң шооласы» атындагы №21 м.ч.б.б.уюмунун 6 кызматкерлери балдарга сабак өтүүдө.Бул жайлоо бала бакчасына Ак-Суу айыл өкмөтү тарабынан атайын боз үйлөр тигилип,жагымдуу иш жагдайлары түзүлүп берилген. Жайлоо балдар бакчасын уюштурган жалпы жамаатына айыл тургундары терең ыраазычылыктарын билдиришет.

Маалыматты даярдаган: Аксы райондук комитетинин укук жана эмгекти коргоо инспектору: М.Өмүрбекова