Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузактын профактиви Алай районунда маданий эс алып кайтышты.

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун билим берүү кызматкерлери “2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылынын” иш чараларынын алкагында жайкы эс алууга, ден соолуктарын чыңдоо үчүн дарыланууга, республиканын табиаты кооз жерлерине саякат жасоого көңүл бурулууда. Бүгүнкү күндө 162 профсоюздук баштапкы уюмдары жогорудагы иш аракеттерди жасашууда.

Жакында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райкомунун демилгеси менен райондук профсоюздук активи Алай районунун  табиаты кооз жерлерине саякат жасашты. “Жылуу суудагы” дарылык касиети бар сууга түшүшүп ден соолуктарын чыңдап кайтышты.

Саякат учурунда Гүлчө айылындагы Курманжан Датканын тарыхый-этнографиялык музейи менен да таанышышты.

Профсоюздун Сузак райкомунун басма сөз катчысы: З.Киргизбаев