Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык семинар Тогуз-Торо районунда өткөрүүлдү

2018-жылдын 16-17-18-июль күндөрү билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитети тарабынан “Макулдашуулар аркылуу профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоону чечүүнү өркүндөтүүнүн жолдору” деген темада  семинары Тогуз-Торо районунда өткөрүлдү.  Семинарга билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулович, областтык профсоюз комитетинин төрагасы Абдыхакар Арапович, областагы райондук профсоюз комитетини төрагалары, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Гулжамал Абалиевна, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Сапарбекович жана райондогу билим берүү уюмдарынын директорлору, профсоюз уюмдарынын жетекчилери  катышты.

Семинардын программасынын боюнча  биринчи бөлүгү боюнча  “Келечек”, Күн-Чубак”, “Актан” мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана , Райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун, №2 Асан Абдраимов, №6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектептеринин жетекчилери менен профсоюз комитеттеринин биргелешип жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер менен жеринде  таанышуу болду.

Семинардын экинчи бөлүмү №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жыйындар залында райондун билим берүү уюмдарынын директорлору жана профсоюз уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлдү.  Семинардын жүрүшүндө “Макулдашуулар аркылуу профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоону чечүү жана  өркүндөтүүнүн жолдору” деген темада  боюнча билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун областтык комитетинин инспектору Абдираим Чонахунович слайд менен көрсөтүп, кенири маалымат берди. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин төрагасы З.Ажыбаев  райондук комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берип өттү. Ошондой эле Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Гулжамал Абалиевна сөз суйлоп, райондун билим берүү тармагында жетишкендиктер жана жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө токтолду. Семинардын жыйынтыгында Асылбек Токтогулович   билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин тарабынан билим берүү кызматкерлеринин  социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кенири айтып берди. 

Семинардын катышуучулары семинардын уюштуруучуларына жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловичке  терен ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.

Даярдаган №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун төрагасы А.Бозжигитов.