Жаңы ачылган балдардын ден-соолугун чыңдоо борбору өз ишин ийгиликтүү баштады
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин Тоң районундагы «Кызыл Гвоздика» балдардын ден-соолугун чыңдоо борбору 20-июндан баштап ачылып, Ысык-Көл облусунун билим берүү кызматкерлеринин 150 баласын он күндүк эс алууга кабыл алды.
25.06.2018 1327 Кесиптик бирлик региондордо«Жайкы мектеп-2018» иш-чарасы өткөрүлдү.
2018-жылдын 23-июнунда Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу Кара-Алма айыл аймагында жайгашкан "Алтын-Балалык" балдардын эс алуу борборунун базасында 2018-жыл "Региондорду өнүктүрүү жылына" карата Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети жана Жалал-Абад шаардык жаштар комитети менен биргеликте шааркомдун алдында түзүлгөн “Жаштар Кеңешинин” иш планына ылайык жаш мугалимдерге "Жайкы мектеп-2018" темасындагы иш-чарасы болуп өттү.
25.06.2018 1050 Кесиптик бирлик региондордоБалдардын эс алуусуна старт берилди
2018-жылдын 23-июну күнү ЖАМУнун, Сузак, Ноокен райондорунун билим берүү кызматкерлеринин 70 баласы Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагындагы “Зорька” балдардын эс алуу борборуна жөнөтүлдү.
25.06.2018 662 Кесиптик бирлик региондордоАттестат тапшыруу
23-июнь күнү Кыргызстан боюнча бардык мектептерде бүтүрүү аземи болуп анда бүтүрүүчүлоргө ЖРТнын (жалпы республикалык тестирлөөнүн) жыйынтыгы айтылып жана аттестаттар тапшырылды.Бул аземди утурлай Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлумунө караштуу бардык мектептерде дагы аттестаттар жана сертификаттар тапшырылды. Биз билими күчтүү, тырышчаак, азыркы коомдун татыктуу келечек ээлеринин өсүп өнүүгүсүнө чоң салым кошкон мугалимдерибиз менен дагы сыймыктанабыз.
25.06.2018 1110 Кесиптик бирлик региондордоШтабдын мүчөлөрү шарттар менен таанышышты.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун алдында түзүлгөн “Жайкы эс алууну уюштуруу штабынын” мүчөлөрү 2018-жылдын 21-22-июну күндөрү “Арууке”, “Алтын балалык”, “Жылан- темир”, “Зорька”, “Достук” балдардын эс алуу борборлорунда болушту.
25.06.2018 741 Кесиптик бирлик региондордоОблустук Макулдашуунун аткарылышы көзөмөлгө алынды
2018-жылдын 20-майында Облустук Макулдашуунун “Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруунун чаралары” бөлүгүн ишке ашыруудагы кезектеги милдеттер боюнча КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ызабеков Ырысбек Темирбекович жетекчилик кылган штабдын чогулушу болуп өттү.
25.06.2018 717 Кесиптик бирлик региондордоАк жол сага бүтүрүүчү!
ЖАМУда “Ак жол сага бүтүрүүчү - 2018 !!!” акциясы , мамлекеттик сынактарды ийгиликтүү тапшырып жатышкан бүтүрүүчүлөрдүн арасында , эки жумадан бери улантылып келүүдө. Жакында ЖАМУнун Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында “Ак жол сага бүтүрүүчү!!!” аттуу студенттердин бүтүрүү кечеси болуп өттү. Ал эми 21-июнь күнү ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси чоң салтанат менен өткөзүлдү.
25.06.2018 989 Кесиптик бирлик региондордо“Билим” лицейинин бүтүрүүчүсү “Алтын” сертификатка ээ болду
Ош мамлекеттик университетинин “Билим” лицейинин бүтүрүүчүсү Амиракулов Акназар жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 219 упай топтоп, “Алтын” сертификатка ээ болду. 2017-2018-окуу жылында ОшМУнун “Билим” лицейинин 19 бүтүрүүчүсү 150дөн жогору упай топтосо, алардын ичинен 5 окуучу 200дөн жогору, 4 окуучу 190дон жогору, 5 окуучу 180ден жогору упай алышкан.
22.06.2018 949 Кесиптик бирлик региондордоОбкомдун адындагы жайкы эс алууну уюштуруу штабынын отуруму
2018-жылдын 20-майында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзуннун Жалал-Абад обкомунун алдында түзүлгөн жайкы эс алууну уюштуруу штабинин отуруму болуп өттү.
22.06.2018 639 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда жайкы эс алуу башталды.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитети тарабынан Ысык-көлдөгү «Геолог» пансионатына Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин колдоосу менен 2017-2018-окуу жылындагы он мыкты билим берүү кызматкерлери эс алууга жөнөтүлдү.
21.06.2018 603 Кесиптик бирлик региондордоАймактарды өнүктүрүү жылындагы жакшы саамалык
2018-жылдын 18-июнь күнү Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев Өзгөн районундагы К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясында болуп билим берүү кызматкерлеринин иштери, жашоо шарттары менен таанышып пикир алышты. 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата билим берүү кызматкерлерине колдоо көрсөтүү максатында мектеп-гимназиядагы жаш үй-бүлөө, жаңыдан үй салып жаткан Тешебаева Жазгүл эжекенин үй-бүлөөсүнө моралдык жана материалдык колдоо катары 2 баш козулуу кой алып берди.
21.06.2018 565 Кесиптик бирлик региондордо