Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагер мугалимдер, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагалары ысык-көлдө эс алышты

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулган экскурсияга 2018-жылдын 17-21- июль күндөрү Баткен районундагы мектептерде иштеп жаткан пенсионер мугалимдер менен баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын арасында өткөн “Мыкты социалдык өнөктөш – баштапкы кесиптик бирлик уюму-2017” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү Ысык-Көлдөгү Илимдер академиясынын дем алуу үйүндө 3 күн эс алып келишти.

Мугалимдер эс алуу учурунда көл жээгиндеги кооз жайларга барып, маданий эс алуучу жайларда болуп, көңүлдүү эс алып кайтышты.  Экскурсанттар эс алууну уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.

Баткен РПКнын адиси                                                                             Б.Абыразакова